Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлугу тарабынан колдоого алынган жана теология факультетинин окутуучусу, доцент Наил Карагөздүн жетекчилигинде жүргүзүлгөн “Колдонмо критикалык ой жүгүртүү боюнча билим берүү долбоору” окутуу процессин ийгиликтүү аяктады.
2025-жылдын 13-февралында теология факультетинде төрт отурумдан турган окутууда катышуучулар теориялык маалыматтарды сабактарда колдонуп, долбоордо үйрөнгөн ыкмаларды практика жүзүндө ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Үчүнчү күндүн аягында үйрөнгөн ыкмаларын колдонгон сабактардагы видеолорду башка катышуучулар менен бөлүшүп, интерактивдүү жана натыйжалуу окутуу процесси жүргүзүлдү.
Окутуу процессинде катышуучуларга “Түшүнүк картасы”, “Роль ойноо”, “Аквариум”, “Т таблицасы”, “Мен менен сүйлөш”, “ТККБО – Текстти коддоо аркылуу көңүл буруп окуу”, “КО-ККБ – Кош окуу жана кош кыскача баян”, “Ролго кирүү”, “Тез жазуу”, “Ойлон, жупташ, бөлүш” сыяктуу студенттердин критикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген практикалык ыкмалар тааныштырылды.
Мындан тышкары, топ менен иштешүү абдан интерактивдүү өткөнү жана студенттер мындай иш-чараларга чоң кызыгуу көрсөткөнү белгилүү болду. Ошондой эле долбоордо колдонулган ыкмалар студенттерге багытталган жана критикалык ой жүгүртүүнү шыктандыруучу ыкмалар экендиги баса белгиленди.
Акыркы отурумда катышуучулар долбоордо үйрөнгөн ыкмаларды реалдуу сабак пландарына интеграциялоо үчүн даярдыктарын аякташты. Кийинки окуу күнүнө карата сабак пландарын ишке ашыруу этабына өтүүгө даярданган катышуучулар долбоордун жардамы менен окутуу ыкмаларына жаңычыл жана натыйжалуу ыкмаларды киргизүүнү улантышууда.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DGKNHcBtaqT/?igsh=MWIzNzNlenp1MjRlZg==