“Манас” университетинде “Эл аралык эне тил күнү” шаңдуу белгиленди


  • 2025-02-21

2025-жылдын 19-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык  факультетинин филология бөлүмү тарабынан уюштурулган эл аралык эне тил күнүнө арналган “Улут болсом – тилим менен улутмун” аттуу иш-чара Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында болуп өттү.

Филология бөлүмүнүн башчысы, PhD., профессор Бурул Сагынбаева иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө эл аралык эне тил күнү ЮНЕСКОнун чечими менен жыл сайын белгиленип келе жатканын баса белгилеп, “Манас” университети заманбап тил үйрөнүү ыкмаларын натыйжалуу колдонорун айтты. PhD., профессор Сагынбаева тил үйрөтүү боюнча алдыңкы орунда турган КТМУну башка университеттер менен салыштырганда заманбап тилдерди окутууда дагы сап башында турганын белгиледи. Ошондой эле филология бөлүмү студенттер үчүн дүйнөгө чыгуу, ар түрдүү маданияттарды үйрөнүү жана бул маданий мурастарды өз коомуна ылайыкташтыруу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү берерин билдирди.

Сөзүнүн соңунда иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирген PhD., профессор Сагынбаева бардык катышуучуларды майрамы менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу, PhD., профессор Незахат Жейлан эне тилдин маанисине көңүл буруп, кыргыз тилине наристедей кылдаттык менен кам көрүп, коргоо керектигин билдирди.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин филология бөлүмүнүн студенттери кыргыз, түрк, орус, англис, кытай, немис, казак, перс, өзбек жана француз тилдеринде эл аралык эне тил күнүн куттуктап, иш-чаранын катышуучуларына ысык саламдарын жолдошту. Комуздун коштоосунда “Маш Ботой” күүсүн сахнада теңдешсиз аткарган студенттер угармандарга маданий саякат тартуулашты.

Англис тили жана адабияты программасынын студенттери “Курманжан Датка” аттуу поэманын бир бөлүгүн жандандырып, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк табышты. Сахнага чогулган студенттер кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай тилдеринде ыр ырдашып, тилдердин универсалдуу күчүн жана маанилүүлүгүн белгилешип, эл аралык эне тил күнүн унутулгус шаңга жана мааниге ээ кылышты.
 

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев иш-чаранын аягында сүйлөгөн сөзүндө тилдин терең маңызы жана маанисине көңүл буруп, ар бир адам өз эне тилин билүүсү, сүйлөөсү, өнүктүрүүсү жана сактоосу керек экенин баса белгиледи. Кыргыз элинин улуу жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун “Ар бир адамдын бир гана тили бар, ал – эне сүтү менен берилген тил”, –  деген сөзүн эске салган саясий и.к., доцент Ибраев тил үйрөнүү адамдарга жаңы горизонторду ачарын жана көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берерин айтты. Сөзүнүн аягында кыргыздын чыгаан акындарынын бири Эсенгул Ибраевдин “Улут болсом – тилим менен улутмун” аттуу поэмасынан үзүндү окуп, студенттерге аны окууну сунуштады.

Иш-чара жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/students.manas.edu.kg/p/DGcUWAoNHpE/

Instagram:

https://www.instagram.com/students.manas.edu.kg/reel/DGaL1ziNTaB/

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/TddxWFKI4sg?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү