Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлугу тарабынан колдоого алынган жана теология факультетинин ага окутуучусу, PhD., доцент Наил Карагөздүн жетекчилигинде жүргүзүлгөн “Сынчыл ой жүгүртүүнү практикада колдонуу боюнча окутуу” долбоору 2025-жылдын 21-февралында уюштурулган сертификат тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды.
Окуу процессин ийгиликтүү аяктагандар үчүн уюштурулган аземге КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, профессор, PhD., профессор Режаи Доган, ректордун кеңешчилери PhD., профессор Кемал Полат жана PhD., профессор Мехмет Өзкаржы, окутуучулар катышты.
Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн биринчи проректор Ибраев долбоордун Кыргызстан жана “Манас” университети үчүн пайдалуу болгонун баса белгиледи. Ал эми проректор Доган билим берүүдө өзгөрүүлөргө шайкеш келүүнүн жана сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Катышуучулар окутуунун жүрүшүндө теориялык маалыматтарды сабактарда колдонуп, долбоордо үйрөнгөн ыкмаларды практика жүзүндө ишке ашыруу жана тажрыйбаларын топтук иш-аракеттер менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Интенсивдүү өз ара аракеттенүү менен ишке ашкан иш-аракеттер критикалык ой жүгүртүүнү терең түшүнүү жана колдонуу мүмкүнчүлүгүн берди жана катышуучулардын ушул сыяктуу билим берүү программаларына болгон кызыгуусу чоң экендиги байкалды.
Чоң кызыгууну жараткан жана натыйжалуу үйрөнүү чөйрөсүн сунуштаган программа сертификаттарды тапшыруу менен аяктады.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DGc5Od4tPQj/
Manas TV'nin Haberleri: