Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2025-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды.
Ыраазычылык каты 2025-жылга карата Азиянын мыкты университеттеринин рейтингинде көрсөтүлгөндүгү жана ишиндеги жетишкен жыйынтыктары үчүн “Манас” университетине тапшырылды.
Белгилей кетсек, үч жыл катары менен QS рейтингинде дүйнөдөгү алдыңкы миң окуу жайдын катарына кирген Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2025-жылкы QS Азия рейтингинде 230-орунга, QS Борбордук Азия рейтингинде 10-орунга көтөрүлдү. Мындан тышкары, окуу жайыбыз QS Туруктуулук рейтингинде Кыргызстандагы алдыңкы окуу жай деп таанылуу менен академиялык жана туруктуулук тармактарындагы жетишкендиктерин эл аралык деңгээлде далилдеди.
Haberin Fotoğrafları: