КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан “Түрк дүйнөсү”оркестринин солисттери менен жолугушту


  • 2025-02-26

Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан 2025-жылдын 25-февралында КТМУнун “Түрк дүйнөсү” оркестринин солисттери менен социалдык курулуштар имаратында жолугушту. Ага проректор, PhD., профессор Режаи Доган, башкы катчы PhD., профессор Исмет Алтынташ да катышты.

Жолугушууда 2005-жылы түзүлүп, көркөм өнөр факультетинин астында иштеп жаткан оркестрдин чыгармачылык ишмердүүлүгү талкууланды.

Ректор Кыргыз Республикасынын Эл артисти, “Түрк дүйнөсү” оркестринин дирижёру Рысбек Жумакуновду жана солисттерди куттуктап, искусствонун бириктирүүчү күчү менен түрк дүйнөсүндөгү маданий биримдикке кошкон баалуу салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Оркестр концерттер жана музыкалык фестивалдары менен искусство сүйүүчүлөрүнө эстен кеткис аткарууларды тартуулап, чопо чоор, комуз жана кыл кыяк сыяктуу улуттук аспаптар менен түрк күүлөрүн да жандандырууда. Мындан тышкары, музыка бөлүмүнүн студенттерине билим берип, искусство жана академия дүйнөсүнө маанилүү ысымдарды тартууну улантууда.

Эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктери менен таанылган “Түрк дүйнөсү” оркестри “Манас”университетин эң мыкты деңгээлде көрсөтүп жатат. Оркестр түрк дүйнөсүнүн бай музыкалык мурасын жашатып, келечек муундарга өткөрүп берүү менен маданий биримдикти чыңдоо миссиясын талыкпай аткарып келет.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DGig9HBtiMb/?igsh=aHJjZDM1ODhvajc3

    Социалдык медиада бөлүшүү