Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпасан Жейлан Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министри PhD., профессор Кемал Мемишоглу менен жолугушту.
Жолугушууда “Манас” университетинин билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы учурдагы инфраструктурасы, жүргүзүлүп жаткан долбоорлор жана келечекке багытталган иштер талкууланды. Ректор Жейлан илимдин жолунда жаркын келечек куруу максатында бардык аракеттерин жумшап жатышканын белгилеп, университеттин саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу боюнча пикирлерин министр Мемишоглу менен бөлүштү.
Эки тараптуу пикир алмашуу орун алган жолугушууда Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы максаттарына жетүү боюнча кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү да каралды. PhD., профессор Жейлан министр PhD., профессор Кемал Мемишоглунун жылуу кабыл алуусу жана көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DGj6C3TIwQg/?igsh=YWpxNGE4MzJoOW1y