Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан ректордун кеңешчиси, PhD., профессор Кемал Полат менен биргеликте Ош мамлекеттик университетинин гуманитардык институтуна жана теология факультетине барды.
2025-жылдын 25-февралында өткөн жолугушууда “Жаштарга жардам ” диний фондунун координатору Адем Шахин, Ош мамлекеттик университетинин Арашан гуманитардык институтунун теология факультетинин деканы Майрамбек Тагаев жана профессордук-окутуучулук курамы менен жолуккан ректор Жейлан мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды.
PhD., профессор Жейлан өз сөзүндө “Манас” университети катары ар кандай колдоолорун көрсөтүүгө даяр экенин айтып, эки мекеме ортосундагы кызматташтыктын бекемделишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушууда 2024-2025-окуу жылында ишке ашырыла турган социалдык жоопкерчилик иш-чаралары талкууланды. Бул багытта “Диндер тарыхы окутуучуларына диндердин тарыхы боюнча семинарлар” жана “Турмуш курууга даярдык жана бактылуу үй-бүлө семинарлары” аттуу темалардын алкагында 8 орток иш-чара уюштурула турганы маалым болду.
Жылуу атмосферада өткөн жолугушууда координатор Адем Шахин менен декан Майрамбек Тагаев ректор Жейланга жагымдуу сапары үчүн рахмат айтып, эки мекеменин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдалат деген ишенимин билдиришти.
Haberin Fotoğrafları: