2025-жылдын 26-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында чет элдик студенттер үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан лекция өткөрүлдү.
Жыйын кылмыштуулукту алдын алуу жана укук бузууларга бөгөт коюу максатында уюштурулуп, чет элдик студенттердин коопсуздугун жана мыйзамдуу жашоо шарттарын камсыз кылууга багытталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери чет элдик жарандардын Бишкек шаарында жүрүү тартиби, эмгек иш-аракеттерин жүргүзүүсү жана мыйзам бузуулардын кесепеттери тууралуу кеңири маалымат беришти.
Лекция суроо-жооп бөлүгү менен улантылып, активдүү катышкан студенттер кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DGmfsSsNwLC/
Instagram: