“Манас” университетинде “Кош келдиң, Рамазан!” аттуу иш-чара өткөрүлдү


  • 2025-02-28

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультети 2025-жылдын 27-февралында Рамазан айынын берекесин жана руханий атмосферасын тосуп алуу максатында “Кош келдиң, Рамазан!” аттуу өзгөчө иш-чара уюштурду.

Иш-чарага КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, ректордун кеңешчиси, PhD., профессор Кемал Полат, теология факультетинин деканы, PhD., профессор Хасан Айык, декан жардамчысы, PhD., доцент Бакыт Мурзараимов, окутуучулар жана студенттер катышты.

Программа ыйык Куранды окуу менен башталып, андан соң ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректор Жейлан адамдын эң чоң милдеттеринин бири мыкты, чынчыл, адеп-ахлактуу болуу экенин баса белгиледи. Адеп-ахлак жана сүйүү бардык нерсенин негизи экенине токтолгон PhD., профессор Жейлан Рамазандын адамдарга бул баалуулуктарды эскертип, аларды бекемдей турганын айтып өттү.

PhD., профессор Жейлан: “Окуу жай катары биз сүйүүнү арттырып, адептүү жана касиеттүү муунду тарбиялоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшоодобуз. Түрк дүйнөсүнө кызмат кылуу, бул жерлерде ыйманга толгон жүрөктөр менен бирге болуу – эң башкы максатыбыз”, – деди.

“Калем” бирикмесинин төрагасы ишмердүүлүгү тууралуу айтып берип, улуу түрк дүйнөсүнүн диний жана улуттук өзгөчөлүгүн сактоо менен туусуна, мекенине жана эл-жерине кызмат кыла турган жаштарды тарбиялоо алардын эң маанилүү максаты экенин белгиледи.

Андан соң “Калем” студенттик бирикмеси катышуучуларга Рамазан айынын руханий атмосферасын сездирген поэзия кечесин тартуулады. Студенттер “Йа Рамазан” ыры аркылуу бул ыйык айдын кооздуктарын чын ыкластан билдиришти.

Ар бир аткаруусу менен Рамазандын руханий байлыгын жана бейпилдигин сездирткен студенттер көрүүчүлөрдү терең таасирлентип, программанын маанисин арттырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Рамазан айынын мааниси жана маанилүүлүгү тууралуу жагымдуу маек курушту. Суроо-жооп бөлүмү менен интерактивдүү түрдө өткөн программада катышуучулар бири-биринин ой-пикирлерин угуп, Рамазан айынын руханий аспектилери жөнүндө маалымат алмашышты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DGnbwBZNonK/?hl=en

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DGlWRNON2qG/?hl=en

    Социалдык медиада бөлүшүү