КОШ КЕЛДИҢ, ЫЙЫК РАМАЗАН!


  • 2025-02-28

“Рамазан айы – адамдарга жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды  ажыратуунун ачык далилдери катары Куран түшүрүлгөн ай. Силерден ким ушул айга күбө болсо (туш келсе) орозо тутсун…” (Бакара сүрөсү, 185-аят)

Урматтуу “Манас” үй-бүлөсү,

1-март, жума күнү Рамазандын биринчи күнү болуп эсептелет. Кубаныч, толкундануу жана үмүт менен дагы бир Рамазан айына жетүүнүн бактысын сезип жатабыз. Рамазан – Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) сөзү менен айтканда: “Башы ырайым, ортосу кечирим, аягы тозок азабынан кутулуу” айы. Ошону менен бирге Куран түшүрүлө баштаган жана орозо ибадаты аткарылган ай.

Рамазан – Ислам дининин ырайым менен жуурулган адилеттүүлүгүн, билим менен толукталган адеп-ахлагын бүткүл адамзатка баяндаган жакшылыктын айы. Рамазан – мусулмандардын орозо менен напсилерин тазалаган, фитир (садака), зекет, ифтар (ооз ачуу), саарлык, таравих (намаз) менен Аллах Таалага жакындаган, коомдук ынтымак жана жардамдашуу сезимине жетелеген ай. Рамазан – кадимки күндөлүк турмуштун ызы-чуусунун, дүйнө түйшүгүнүн, стресстин ичинде бир саамга токтоп ойлонууга, өзүбүзгө жана айланабызга көз чаптырууга мүмкүндүк берген, унутулгандарды эске салган жана жаңылануубуз үчүн кайрадан дем алуу мүмкүнчүлүгүн берген ай. Рамазан – курсагыбыз менен бирге тилибизди, дилибизди, акылыбызды, көзүбүздү орозо карматып адеп-ахлагыбызды көркөмдөгөн ай. Рамазан – арабыздагы сүйүүнү, сый-урматты жана бир туугандыкты бекемдеген ай.

Мына ушундай жакшылыкты утурлай “Манас” үй-бүлөсүн, Кыргызстанды, Түркияны жана түрк-ислам дүйнөсүн ыйык Рамазан айы менен куттуктайм! Сиздерге, үй-бүлөңүздөрө жана бүткүл адамзатка жакшылыктарды алып келүүсүнө тилектешмин.

Келе жаткан ыйык Рамазан айыңыздар маарек болсун!

 

PhD., профессор Алпаслан Жейлан

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору

    Социалдык медиада бөлүшүү