Студенттер менен алгачкы ооз ачар кубанычы


  • 2025-03-01

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан жылдагыдай эле ыйык Орозо айынын биринчи күнү студенттер менен ооз ачты.

Тамактанууча жайда идиштерине тамак салып берип, алар менен бирге ооз ачкан PhD., профессор Жейлан ооз ачуу маалында сүйүктүү студенттери менен жолугушуу “Манаста”  Орозо айындагы эң сонун учурлардын бири экенин белгиледи.

“Манас” үй-бүлөсү үчүн Орозо – сый-урматтын, сүйүүнүн, бир туугандык мамиленин, тилектештиктин жана бөлүшүүнүн мезгили экенин айткан Жейлан береке жана молчулук алып келген он бир айдын султаны отуз күн бою университеттин кызматкерлеринин, ишкерлердин жана ар түрдүү уюмдардын өкүлдөрүнүн жоомарттыгы менен 1500 студентке акысыз ооз ачар уюштуруларын эске салды.

Ар жылы биринчи ооз ачарын студенттер менен өткөргөн, аларды үйүнө чакырып, ооз ачтырган жана жатаканада жашабаган студенттердин үйлөрүнө конок болуп барган PhD., профессор Жейлан “Манас” университети катары алгачкы жолу Кыргызстанга Түркиядан алынып келген саамалык; окуу жайдын салтына айланган Анадолунун байыркы маданий элементи болгон ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы да быйыл студенттердин активдүү катышуусу менен өтө турганын, миңдеген коноктор Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчада чогулушарын баса белгиледи.

КТМУда чоң кубаныч жана толкундануу менен белгиленген Орозо айынын жүрүшүндө студенттик шаарчада ар түрдүү диний жана маданий иш-чаралар уюштурулуп, ошондой эле университетке караштуу “Манас” телеканалынын “Куттуу Орозо” аттуу программасында ооз ачуу жана саарлык маалында ыйык айга арналган темалар чагылдырылган көрсөтүүлөр тартууланмакчы.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DGqZDi_NPqo/?igsh=MTRxNGUwYm9xdGJoYQ==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/DGqU_Aetl5b/?igsh=MXMxbHd4NWF0MnI5eQ==

https://www.instagram.com/reel/DGqp8cDN18U/?igsh=MW1mYnoyaHQxdW5vcQ==

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/QqQcIrQ_Fg0?si=Rr937CqHp8s6bmXv

Manas TV'nin ''Kutlu Ramazan'' Programı:

https://youtu.be/7j1osNFSecQ?si=bAfeUULdx5Fvx8Wi

    Социалдык медиада бөлүшүү