2025-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Бегималы Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунда академик Абылабек Асанкановдун 70 жылдыгына арналган “Кыргыз элинин этностук тарыхы, маданий мурастары жана иденттүүлүгү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Аталган иш-чарага көптөгөн илимпоздор, тарыхчылар жана этнографтар менен бирге КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпасан Жейлан да катышты.
Конференция этностук тарых, маданий мурас жана улуттук иденттүүлүктүн маанилүү маселелерине, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын тарыхы, этнологиясы жана маданий мурастары боюнча көптөгөн эмгектердин автору, ошондой эле Борбордук Азиянын этникалык иденттүүлүгү жана маданияты жаатында көрүнүктүү изилдөөчү Абылабек Асанкановдун бул дисциплиналардын өнүгүшүнө кошкон илимий салымын чагылдырууга арналды. Академик Асанкановдун эмгектери Кыргызстанда болуп жаткан тарыхый жана маданий процесстерди түшүнүү үчүн чоң мааниге ээ жана өлкөдөгү этнология илиминин өнүгүшүндө маанилүү роль ойноп келет.
Ректор, PhD., профессор Алпасан Жейлан иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө изилдөөчүнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эмгектенген кесиптештеринин атынан кутман курак 70 жашы менен ак дилден кызуу куттуктады. “Сиздин тарых көйгөйлөрүнө арналган, айрыкча, Кыргызстандын этностук тарыхына багытталган илимий эмгектериңиз кыргыз тарыхына олуттуу жардам берип келет”, – деген PhD., профессор Жейлан кыргыз тарыхында орун алган ак тактарды чечмелөөдө терең анализдөө менен коштолгон Асанкановдун салмактуу ойлору аркылуу көптөгөн маселелерге чекит коюлганы белгилүү экенин билдирди.
Окумуштуулук компетенттүүлүктөн тышкары, чыдамкайлык менен сабырдуулугу айрым бир чыргоолуктардан жогору турууга, коюлган максатты ийгиликтүү ишке ашырууга көмөк кошконун айткан ректор Жейлан: “Натыйжада, илим чөйрөсү менен кыргыз коомчулугу күткөн жогорку билимдүү адистер Кыргызстанга керектүү тармактарда татыктуу ордун табышты”, – деди.
Конференция негизги темалары: “Евразиядагы миграциялардын контекстинде кыргыздардын этностук тарыхы”, “Археология жана маданий мурастарды сактоо маселелери”, “Кыргызстандагы иденттүүлүк жана маданияттар аралык диалог”, “Этнология жана антропологиянын призмасында Борбордук Азиядагы социалдык- маданий трансформациялар”, “Борбордук Азиянын саясий тарыхын изилдөөнүн актуалдуу көйгөйлөрү” жана “Академик Абылабек Асанкановдун этнология жана Кыргызстандын тарых илимине кошкон салымы” болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын этностук тарыхын изилдөөгө, маданий мурастарды сактоого жана улуттук иденттүүлүктү калыптандырууга байланышкан көптөгөн актуалдуу темалар талкууланды.
Белгилей кетсек, иш-чаранын жыйынтыгында конференциянын материалдары илимий жыйнак катары жарыяланмакчы.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DGsQsYpNVby/?igsh=N2h1cm04dXU0ZWJj