Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен HP Global Trading компаниясынын Казакстандагы филиалынын ортосунда тең укуктуулук жана өз ара пайданын принциптери негизинде жаңы шарттарда узак мөөнөттүү кызматташуунун пайдубалын түптөө зарылдыгын белгилеп, илим, кесиптик билим берүү жана илимий изилдөө чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө, ошондой эле билим берүү процесстерин өркүндөтүүгө жана кесиптик компетенттүүлүктү жогорулатууга багытталган инновациялык технологияларды жана чечимдерди ишке ашыруу максатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Ага ылайык, 2025-жылдын 27-февралында кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын билим берүү процессине заманбап санариптик технологияларды киргизүүгө багытталган биргелешкен билим берүү программасын ишке киргизүү боюнча HP Global Trading компаниясынын Казакстандагы филиалынын видеоконференция форматындагы жыйынына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев менен экономика жана башкаруу факультетинин декан жардамчысы, Доц.м.а.док. Муратали Абдылдаев катышышты.
Санариптик доордун талаптарына жооп берген Кыргызстандын билим берүү тармагын жакшыртууга карай маанилүү кадам катары каралган жаңы программа студенттерге жана окутуучуларга актуалдуу санариптик шаймандарга, көндүмдөргө ээ болуп, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда жана бизнес чөйрөсүндө атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатмакчы. Программанын алкагында жеке өсүү, санариптик бизнес, коммуникация, маркетинг жана финансы сыяктуу багыттар боюнча курстар жана тренингдерди өткөрүү каралган. Ошондой эле программа инновациялык IT-чечимдерди окуу процесстерине интеграциялоону жана заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүнү камтыйт.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DGu0Y2ut_GV/?igsh=MW83dmh0ZWE0d256dg==