Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору, PhD., профессор Камалбек Карымшаков 2025-жылдын 1-мартынан тарта экономика жана башкаруу факультетинин деканынын милдетин аткаруучу болуп болуп дайындалды.
Дайындоо аземи ректорлукта расмий программа менен коштолуп, кызматка дайындалгандыгы тууралуу күбөлүк ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана PhD., профессор Режаи Доган тарабынан тапшырылды. Алар PhD., профессор Камалбек Карымшаковду куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалашты.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DGvDkH0tvxf/?igsh=MW83ZDUycXN2bDJ0bw==