PhD., профессор Мирбек Турдуев КТМУнун кесиптик жогорку мектебинин мүдүрүнүн милдетин аткаруучу болуп дайындалды


  • 2025-03-04

2025-жылдын 4-мартынан тартып Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кесиптик жогорку мектебинин мүдүрүнүн милдетин аткаруучу болуп инженердик факультетинин Электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу, PhD., профессор Мирбек Турдуев дайындалды.

Дайындоо аземи ректорлукта уюштурулган расмий программа менен өтүп, кызматка дайындалгандыгы тууралуу күбөлүк ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков тарабынан тапшырылды.

Ректор Жейлан PhD., профессор Мирбек Турдуевди куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады. Биринчи проректор Ибраев болсо, Турдуевдун КТМУнун өнүгүүсүнө салым кошо турган иштеринде жакшы жыйынтыктарга жетерине тилектештигин билдирди.

PhD., профессор Турдуев өзүнө көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, университеттин максатына ылайык кесиптик жогорку мектебинин академиялык жана административдик өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн жан үрөп иштей турганын белгиледи.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DGz5N-8tCDC/?utm_source=ig_web_copy_link

    Социалдык медиада бөлүшүү