Илимий изилдѳѳ долбоорлорго кайрылуу арыздар


  • 2025-03-06

ИИД Координаторлугуна бериле турган долбоордун арыздары 2025-жылдын 15-мартынан 30-апрелине чейин кабыл алынат.
Долбоорлор Кыргыз жана Түрк тилдеринде даярдалып MABİS BAP Системасына 30-апрелине чейин акыркы түрүндө жүктөлүшү күтүлүүдө.
Электрондук долбоор түзүлгөндөн кийин, системадан Кайрылуу арызы алынат жана долбоордун жетекчиси тарабынан кол коюлат. Бул арыздын расмий жазуусу менен кошо Деканат аркылуу жөнөтүлүшү керек.

Мындан тышкары, эки тилдүү долбоордун BAP Системасындан алынган акыркы версияларынын распечаткалары бардык кол коюлгандан кийин, ИИД Координаторлугуна тапшырылышы керек.

ИИД Координаторлугуна суроолоруңуз менен жумуш убактысында кайрылсаңыз болот.

    Социалдык медиада бөлүшүү