8-МАРТ - АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ КУТТУУ БОЛСУН!


  • 2025-03-08

Кымбаттуу академиялык жана административдик кызматкерлер, студенттер,

Маданиятыбызда аял – үй-бүлөнүн пайдубалы, берекенин символу, мамлекетти башкарууда сөзү өткөн, маанилүү орунга ээ. Ислам динибиз да кыз балдарды кечиримдүү караган жана аялдардын баалуулугу тууралуу терс  көз караштарды жок кылган, негизги укуктар жана милдеттер жагынан аялдын коомдогу ордун бекемдеп, аял жана эркек бири-биринен жогору эмес, бири-бирин толуктап турарын адамзатка үйрөттү.

Биздин аялзат жашоонун ар бир тармагында баалуулуктарыбыздын өкүлү, алып жүрүүчүсү жана сактоочусу болуп, келечекти курууда экономиканын, коомдук жашоонун, илим жана маданияттын негизи болгон эң маанилүү күчүбүз болуп саналат. Билимдин, илимдин жана өнүгүүнүн пайдубалын түзгөн аялзат – дүйнөнү адилеттүү жана жашоого мүмкүн болгон жерге айландырган эң маанилүү инсандар. Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары аялдарыбыздын ар бир чөйрөдө күчтүү болуп өнүгүшү үчүн иш-аракеттерибизди уланта бермекчибиз.

Бул маанилүү күнү жүрөгүндөгү сүйүү жана мээримди аябастан берип, тарбиялап, окутуп, чыгармачылык менен иштеген окутуучуларыбыздын, кызматкерлерибиздин, студенттерибиздин жана бүткүл аялзатын 8-Март – Эл аралык айымдар күнү менен куттуктайм! Аларга жана үй-бүлөлөрүнө ден соолук, бакыт жана ийгилик каалайм!

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору

PhD., профессор Алпаслан Жейлан 

    Социалдык медиада бөлүшүү