Эл аралык аялдар күнүнө карата үстүбүздөгү жылдын 7-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка, театралдык искусство бөлүмдөрү тарабынан аялзаттын сулуулугун, назиктигин жана улуулугун даңктаган майрамдык концерт болуп өттү.
Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн маданий иш-чарага проректор, PhD., профессор Режаи Доган, көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршад Гүлбейаз, академиялык жана административдик кызматкерлер, ошондой эле студенттер катышты.
Музыкалык программа Кыргыз Республикасынын Эл артисти Рысбек Жумакуновдун жетекчилигинде “Түрк дүйнөсү” оркестринин аткаруусундагы “Fidayda” күүсү менен башталды. Андан соң аткаруучулар “Көзүмдүн карасы”, “Mihriban”, “Неге минтип”, “Сени гана издедим”, “Энекемай”, “Күйгөн ыр”, “Bahcalarda barım var” жана башка кыргыз, түрк тилдеринде ырларды ырдашты. Концертке келген зал толо көрүүчүлөр музыканын сыйкырдуу ыргагына арбалышып, ырахатка бөлөнүп отурушту.
Мындан тышкары, комузчулар ансамбли “Саадат какты”, “Эргиме” күүлөрүн чертишсе, “Манастын кыздары” тобу кытай бийин бийлешип, кечени өзгөчө шаңга бөлөштү.
Майрамдык кеченин соңунда көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршад Гүлбейаз концерттин уюштуруучуларына жана аткаруучуларына ыраазычылык билдирди.
Ал эми проректор, PhD., профессор Режаи Доган окутуучуларды, кызматкерлерди, студенттерди жана залда отурган айымдарды 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. “Мындан 30 же 40 жыл мурун “Аялзатынын аты жок” деген китеп окугам. Жаңы эле көрдүм, чындыгында адабиятта, ырда, үйдө, иште, дээрлик бардык тармакта ал бар. Менимче, аялзаты жок дүйнө чөгүп кетет”, - деп аялзатынын ааламдагы ордунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Концерттик программа жагымдуу нотада соңуна чыкты.