Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында жаратылышка аяр мамиле кылуу жана туруктуу экологиялык аң-сезимди калыптандыруу максатында маанилүү иш-чара болуп өттү. 2025-жылдын 12-мартында Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчадагы жатакананын алдында Фронтиерс микрокредиттик компаниясынын демилгеси менен 80 даана ийне жалбырактуу жана карагай көчөттөрү отургузулду.
Аталган иш-чарага ректор, доктор (PhD), профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доктор (PhD), профессор Исмет Алтынташ жана Фронтиерс микрокредиттик компаниясынын өкүлдөрү, академиялык жана административдик кызматкерлер катышып, көчөт отургузуу иштерине колдоо көрсөтүштү.
Ректор Жейлан жаратылышка жасалган салымдын маанилүүлүгүн белгилеп, мындай деди: “Окуу жай катары мындан ары да жашыл аймактарды көбөйтүүнү уланта бермекчибиз. Фронтиерс микрокредиттик компаниясына колдоолору үчүн ыраазычылык билдиребиз.”
Фронтиерс микрофинансылык компаниясынын директору Таалайбек Жуматаев экологиялык маалымдуулукту жогорулатууга багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтүүгө кубанычта экендиктерин билдирип, “Биз шаарыбызды жашылдандыруу үчүн “Манас” университетине салым кошууну кааладык. Бүгүнкү күндө 80 даана көчөт отургузуп жатабыз, күзүндө жаңы көчөттөрдү отургузууну пландап жатабыз”, - деди.
Иш-чара катышуучуларга жагымдуу жана маңыздуу көз ирмемдерди тартууласа, көчөттөрдү отургузган окуу жайдын жетекчилиги жана студенттер келечек муунга мындан да жашыл студенттик шаарча калтыруу кубанычына бөлөнүштү.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DHGISbmt0Po/
Instagram: