Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2025 QS дүйнөлүк университеттердин предметтик рейтингинде чоң ийгиликке жетишти


  • 2025-03-13

Эл аралык жогорку билим берүү рейтинги QS уюму (Quacquarelli Symonds) дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин жылдык предметтик рейтингин жарыялады. Кыргыз-Түрк “Манас” университети аталган рейтингинде чоң ийгиликке жетишип, искусство жана гуманитардык илимдер менен заманбап тилдерди үйрөтүү боюнча дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин катарына кирди. Анда окуу жайыбыз искусство жана гуманитардык илимдер боюнча 391-орунда болсо, заманбап тилдер дисциплинасында 301-350-орундар аралыгында жайгашты.

QS дүйнөлүк университеттердин рейтинги беш негизги багыттан туруп, 55 жеке предметти камтыйт. Алар – искусство жана гуманитардык илимдер, инженердик жана технология, турмуш илимдери жана медицина, табигый илимдер, коомдук илимдер жана менеджмент. Предметтик рейтингин түзүүдө QS: студенттик тажрыйба, университеттин өнөктөштүгү, илимий-изилдөө иш-чаралары жана факультеттин өзгөчөлүктөрү сыяктуу негизги көрсөткүчтү колдонот. Бул комплекстүү баалоонун аркасында QS абитуриенттерге жогорку окуу жайларын предметтик боюнча салыштыруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен мыкты университеттерди тандоого шарт түзөт.

 “Манас” университетинин заманбап тил үйрөтүү жаатындагы жетишкендиги окуу жайыбыздын билим берүү сапатынын жана тил үйрөтүүгө кошкон салымынын көрсөткүчү болуп саналат. Тил үйрөтүүдө инновациялык ыкмалар жана уникалдуу методдор менен жетишкен, QS тарабынан катталган бул ийгилик окуу жайыбызга дүйнөлүк деңгээлде баа берилүүсүн камсыздады. Тил үйрөтүүгө чоң маани берген “Манас” университети студенттерине кеңири тил спектрин тартуулап, кыргыз, түрк тилдери менен бирге англис, немис, кытай жана орус тилдеринде да билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул көп түрдүүлүк биздин студенттерге дүйнөлүк деңгээлде атаандаштык жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга салым кошуу менен бирге маданий ар түрдүүлүктү ачууга да мүмкүндүк берет.

“Манас” университетинин тил үйрөтүү жаатындагы жетишкендиги Кыргызстанда гана эмес, аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде да көңүл бурууда. Университеттин тил үйрөтүүгө кошкон салымы, бул жаатта да эл аралык академиялык платформаларда маанилүү орунга ээ болуусун камсыз кылды. 

Акысыз жана сапаттуу жогорку билим берүү түшүнүгү менен белгилүү болгон КТМУ көз карандысыз эл аралык жогорку билим берүү рейтинг агенттиктеринин баалоо тизмелерине кирип, илимий жетишкендигин тастыктады. Бул маанилүү жетишкендик окуу жайыбыздын бардык академиялык жана административдик кызматкерлеринин талыкпаган эмгеги, студенттердин зор аракетинин жана бүтүрүүчүлөрдүн салымдарынын жардамы менен ишке ашты. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бардык академиялык жана административдик кызматкерлерге, студенттерге ыраазычылык билдирип, мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!

    Социалдык медиада бөлүшүү