“Манас” университетинде Ыйык Орозо айындагы тилектештик


  • 2025-03-14

Он бир айдын султаны Ыйык Орозо айы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде бул жылы да тилектештик иш-чаралары менен белгиленип жатат.

2025-жылдын 14-мартында университеттин жетекчилиги Орозо айынын руханий маанисин жашатып, кызматкерлерге колдоо көрсөтүү максатында Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчада баштыктарды таратты.

Салтка айланган Орозо баштыктарын таратуу иш-чарасы бул жылы да университеттин социалдык жоопкерчилик аң-сезимин жана тилектештик рухун бекемдеди. “Манас” университетин ректору, доктор (PhD), профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор,  PhD., профессор Камалбек Карымшаков жана башкы катчы, PhD., профессор Исмет Алтынташ да иш-чарага катышты.

Бул маанилүү иш-чарада жетекчилик кызматкерлерди Орозо айы менен куттуктап, ыйык айдын руханий атмосферасын бирге сезүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Окуу жай мындай иш-чаралар менен билим берүү жаатында гана эмес, коомдук тилектештик жана жардам көрсөтүү жаатында да үлгү болуп, бул салтты ар жылы улантып, “Манас” үй-бүлөсүнүн биримдигин бекемдеп келет.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DHN4ZvVtHaO/?utm_source=ig_web_copy_link

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DHLcsAptfvb/

    Социалдык медиада бөлүшүү