2025-жылдын 14-мартында Адана шаардык кеңешинин депутаты, Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Ахмет Зембилжи, Токат шаардык кеңешинин депутаты, комиссия мүчөсү Кадим Дурмаз, Тышкы байланыштар жана протокол башкармалыгынын кызматкери Күршад Мелих Сарыарслан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, доктор, (PhD), профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушушту.
Жолугушууга биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, PhD., профессор Исмет Алтынташ да катышты.
Ректор, доктор (PhD), профессор Алпаслан Жейлан бул жолугушууга абдан кубанычта болгонун билдирип, “Манас” университети Кыргызстанда алдыңкы орунда ээ экенин жана сапаттуу, акысыз билим берүү менен эл аралык деңгээлде маанилүү бренд катары кызмат көрсөтүп жатканын баса белгиледи.
Илимий жана маданий кызматташтыктар талкууланган иш сапар белектерди тапшыруу, сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.
Haberin Fotoğrafları: