Түркиянын “Диянет” фондунан муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды


  • 2025-03-17

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин дин иштери боюнча кеңеши тарабынан үстүбүздөгү жылдын 17-мартында “Имам Сарахси” борбордук мечитинде Орозо айына карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды.

Орозо айынын азык-түлүк кутусун тапшыруу иш-чарасы Бишкек, Ош жана Нарындагы жалпы 1500 үй-бүлөнү колдоого багытталган. Кайрымдуулук иш-чарасына Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, доктор, (PhD), профессор Алпаслан Жейлан, “Диянет” фондунун Түркия жана Франциядагы ыктыярдуу өкүлдөрү катышты.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик “Манас” телеканалына берген репортажда бүткүл адамзатты Ыйык Орозо айы менен куттуктап, жакшылыктарды алып келишине тилектештигин билдирди. “Кыргызстанда бул милдетти аркалап жатканыма абдан кубанычтамын. Максатыбыз – кыргыз бир туугандарыбыздын көңүлүн, батасын алуу”, - деген Сезик бул кайрымдуулук иш-чарасын уюштурууга салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди.

Фонддун маалыматына ылайык, жардамдын биринчи этабы Бишкек шаарында башталса, андан кийин Ош жана Нарын облустарына 500дөн азык-түлүк кутусу жөнөтүлөт.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DHTJeyztqCC/?utm_source=ig_web_copy_link

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DHTQgAGtvK_/

    Социалдык медиада бөлүшүү