Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги жана билим берүү кеңешчилиги мамлекеттик гимндин кабыл алынышы, Мехмет Акиф Эрсойду эскерүү, ошондой эле 18-март - Чанаккале жеңишинин 110 жылдыгы жана шейиттерди эскерүү үчүн Ататүрк сейил багында гүлчамбар коюу аземин уюштурду.
Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин атынан ишенимдүү өкүлү Пелин Мерве Серек, элчиликтин жана ага караштуу мекемелердин кызматкерлери, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, доктор, (PhD), профессор Алпаслан Жейлан жана жетекчилер, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир, кеңешчиликке караштуу мекемелердин окутуучулары менен окуучулары, түрк уюмдарынын жетекчилери жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышты.
Азем Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. Алгач Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин атынан ишенимдүү өкүлү Пелин Мерве Серек гүлчамбар койду. Андан соң ТКТРнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлугу, Түрк кызматташуу жана координациялоо агенттиги, Кыргызстандагы Ахыска түрктөр коому жана Түркия-Кыргызстан ишкерлер коому, TÜKİD мүчөсү Кудрет Көз клиникасы гүлчамбарларын коюшту.
Улуу лидер Мустафа Кемал Ататүрктү жана шейиттерди бир мүнөттүк эскерүү болуп, андан соң Түркиянын гимни аткарылды.
Убактылуу ишенимдүү өкүл Пелин Мерве Серек аземде сүйлөгөн сөзүндө Чанаккале жеңишинин биримдик менен ынтымактын, чечкиндүүлүк менен ишенимдин жеңиши экенин баса белгилеп, билдирүүсүндө буларга токтолду: “Гази Мустафа Кемал Ататүрк “кол салууга эмес, өлүүгө буйрук берген” бул тарыхый согушта, мекендин төрт бурчунан келген баатыр Мехметчилер дүйнөнүн эң күчтүү деңиз күчтөрүнө каршы өз өмүрлөрүн тобокелге салышып, “Чанаккале басып алынбайт” деп, жеңишке жетишти. Бул улуу жеңишти эң күчтүү сөздөр менен баяндагандардын бири-биздин акыныбыз Мехмет Акиф Эрсой. Ал, Чанаккаледе курман болгон эр жүрөк жоокерлерибиз үчүн “Бедрин арыстандары андан да даңктуу болчу” деген ыр саптарында алардын чексиз ишенимин жана өтө зор эрдиктерин терең сезимдери менен билдирген.”
Чанаккале Жеңишинин 110 жылдыгын куттуктоо менен сөзүн жыйынтыктаган Пелин Мерве Серек шейиттердин эстелигин сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Haberin Fotoğrafları: