2025-жылдын 18-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөө борбору тарабынан ректорлуктун жыйындар залында 18-март – Чанаккале жеңишин жана шейиттерди эскерүү программасы өткөрүлдү.
Программага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Режаи Доган жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, ошондой эле академиялык жана административдик кызматкерлер, студенттер катышты.
Программа Чанаккале шейиттерин бир мүнөттүк эскерүү жана мамлекеттик гимндердин аткарылуусу менен башталды. Андан соң Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак ачылыш сөзүн сүйлөп, Чанаккале жеңишинин маанисине көңүл бурду. Тарыхый эпостордун унутулбай, келечекти түзүүчү баалуулук катары сакталышы керектигин баса белгилеген Чапак: “Эгерде рухубузду жоготсок, аман калууга эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Тарыхтагы курмандыктарды билүү – биздин келечегибизди бекем пайдубал менен курууда абдан керек”, – деди.
Профессор Чапак сөзүнүн аягында Чанаккале рухун келечек муундарга жеткирүүнүн маанисине токтолуп, бул маңыздуу иш-чараны уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.
Бүгүн Чанаккале жеңишинин 110 жылдыгы: Баатырдык эпос жазылган күн
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө Чанаккале жеңишинин бир гана аскердик ийгилик эмес, ошол эле учурда бир улуттун биримдик жана ынтымак руху менен жазылган баатырдык эпос болгонун белгиледи.
“Чанаккале – бир улуттун жашоо эрки менен улуттук аң-сезимин көрсөткөн эң маанилүү жеңиштердин бири. Бул түрк улутунун ар дайым эсинде болуп, муундан-муунга шыктануу менен эскерилген баатырдык эпос”, – деген профессор Жейлан Чанаккаледеги күрөштөн мисалдарды берип, залдагы катышуучуларга эмоциялуу мүнөттөрдү тартуулады.
Эгемендүүлүктүн этаптарынын бири болгон Чанаккале жеңишинин мекенге болгон сүйүүнүн жана жан аябастыктын маанилүү үлгүлөрүнүн бири экендигин белгилеген Жейлан мындай деп жыйынтыктады: “Бул күндү бизге тартуулаган Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана анын куралдаш жолдошторун, Чанаккале шейиттерин, ошондой эле мекенибиздин ажырагыс бүтүндүгү, элибиздин тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн жанын берген бардык шейиттерди чексиз ыраазычылык, терең урматтоо менен эскерем.”
Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө Чанаккале жеңиши Түркия жана түрк элдери үчүн гана эмес, дүйнөлүк тарых үчүн да бурулуш мезгил болгонун баса белгиледи. “Мындан туура 110 жыл мурунку күрөш бир улуттун эркиндигин, эрктүүлүгүн жана эгемендигин көрсөткөн улуу эпос. Бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн тарыхчылар бул жеңиштин маанисин жана кесепеттерин терең изилдеп келишет”, – деди.
Мындан тышкары, биринчи проректор Ибраев мекенге болгон сүйүү жан аябастык менен коштолгондугун айтып, мындай деди: “Ар бирибиз өзүбүзгө төмөнкү суроолорду беришибиз керек: өз мамлекетибиздин, элибиздин жана улутубуздун жыргалчылыгы үчүн эмне кылып жатабыз? Өнүккөн өлкөдө элибиздин тынчтыгын, бейкуттугун жана жашоосун камсыз кылууга кандай салым кошуп жатабыз? Мына ушундай суроолор жүрөгүбүздө жана аң-сезимибизде болушу керек.”
TÜRKSAM төрагасы, профессор Насух Услу Чанаккале жеңишинин тарыхтагы маанисине токтолуп, “Бүгүн биз Чанаккаледеги баатырлардын алып жүргөн ишенимин жана чечкиндүүлүгүн сактап калышыбыз керек. Алар кандайча душмандарга каршы туруп, мекендерин коргоп келишсе, биз да ошол эле аң-сезим менен милдетибизди аткарышыбыз керек”, – деди.
Ачылыш сөздөрүнөн кийин Түркиянын жалгыз расмий Чанаккале Согуштары коллекционери Сейит Ахмет Сылайдын “Чанаккале согуштары боюнча туура деп билинген жаңылыштыктар” аттуу презентациясы видеоконференция аркылуу өткөрүлдү. Катышуучулар бул баалуу презентациянын аркасында Чанаккале согуштары боюнча маанилүү жана аз билинген деталдар тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Иш-чара “Манас” университетинин студенттеринин аткаруусунда күндүн маанисин жана маанилүүлүгүн чагылдырган поэзия мүнөттөрү жана элдик ырлар менен уланды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DHX_OXsNS5W/
Instagram:
https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DHYRK27NzWP/
Manas TV'nin Haberi: