КТМУда түрк дүйнөсүнүн студенттери менен ооз ачуу


  • 2025-03-26

2025-жылдын 25-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде түрк дүйнөсүнүн студенттери үчүн ооз ачуу программасы уюштурулду.

Ректорлук имаратынын алдындагы боз үйдө жайылган ак дасторконго Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Афганистан, Монголия, Тажикстан, Түркменистан жана Россиядан келген студенттер чогулушту. Ыйык Орозо айында улуттар аралыкты достукту бекемдеген бул маңыздуу жолугушууда студенттер ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, гуманитардык факультетинин ага окутуучусу, профессор Незахат Жейлан  менен биргеликте ооз ачышты.

Кыргыз жана түрк элдеринин даамдары коюлган дасторкондо ооз ачуу дубасы окулуп, ректор Жейлан мындай деди: “Кармаган орозобуз кабыл болсун! Үй-бүлөбүзгө жана жакындарыбызга жакшылык, сиздерге кең келечек, ийгиликтер насип болсун! Кыргызстан, Түркия баш болгон түрк-ислам дүйнөсүнө Жараткан жакшы күндөрдү ыроолосун!”

Андолуда ачык асман алдында ооз ачуу маданиятынын көркөмдүүлүгүн белгилеген профессор Жейлан студенттерге кайрылып, алардын өлкөлөрүндө Орозо айы кантип өтөрүн сурап, бул айдын өзгөчөлүктөрү жөнүндө жылуу маектешти.

Достук маанайда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өздөрүн таанытып, өз мекендеринде Орозо айы кандай өтөрү, ага ылайык, жөрөлгөлөр, каада-салттар тууралуу кызыктуу ой бөлүшүштү.

Жолугушуу өзгөчө мааниге ээ болуп, Орозо айынын маңызын жана анын түрк тилдүү өлкөлөрдө кандай өтүшүн бөлүшүүгө, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөөгө, студенттердин өз ара түшүнүшүүсүн жана маданий баалуулуктарды сыйлоону күчөтүүгө өбөлгө түздү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DHqiK0Bib9P/

Instagram:

https://www.instagram.com/students.manas.edu.kg/reel/DHqM-qTtcBN/

    Социалдык медиада бөлүшүү