2025-жылдын 26-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттик кеңеш башкармалыгы ректор, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.
Ректорлук макамында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө студенттик кеңеш башкармалыгы ректор, профессор Алпаслан Жейланга окуу жайдын чамгарагында жогорку деңгээлде өткөрүлгөн IV Ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы, ошондой эле Орозо айы боюнча акысыз кечки тамак уюштурулгандыгы үчүн жалпы студенттердин атынан ыраазычылык билдирди.
Окуу жайдагы студенттерге түзүлүп жаткан шарттар, берилген мүмкүнчүлүктөрдү кубануу менен кабыл алышканын белгилеген башкармалыктын өкүлдөрү ректорго ырахмат айтышты.
Ректор өз сөзүндө окуу жайда студенттердин курсагы ток, сырты бүтүн болуусуна өзгөчө маани берилерин баса белгилеп, алдыда ишке ашырыла турган жаңылануулар тууралуу маалымат берди.
Жемиштүү өткөн жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.
Haberin Fotoğrafları: