2025-жылдын 27-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында “Жасалма интеллект доорунда коммуникация: Автоматташтыруудан персоналдаштырууга” аттуу эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аталган иш-чара быйыл сегизинчи ирет өткөрүлүп жаткан “Жоогазын” улуттук фестивалынын алкагында уюштурулду.
Фестивалга катышуу үчүн Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстан жана Россиядан келген окутуучулар, студенттер илимий-практикалык конференциядан кийин ректор, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушушту. Баарлашуунун жүрүшүндө коноктор меймандостугу жана көрсөткөн колдоосу үчүн КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдиришти.
Жолугушууга КТМУнун коммуникация факультетинин деканы, Доц.док. Угур Үнал, коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн башчысы, Доц.док. Абдулхаким Бахадыр Дары, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ош мамлекеттик университети, Москва мамлекеттик лингвистика университети, Россиянын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университети, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жана башка бир топ билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана студенттери катышты.
Ректор, профессор Жейлан окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында катышуучулар менен таанышып, “Манас” университетинин эшиги алар үчүн ар дайым ачык экенин белгиледи. Өз ара тажрыйба алмашуунун жана кызматташуунун эң сонун үлгүсү болгон мындай иш-чаралар катышуучуларга да, университетке да салым кошот деген ишеничин билдирип, аларга ийгилик каалады. Катышуучулар жылуу кабыл алгандыгы үчүн ректор Жейланга жана университетке ыраазычылык билдиришти.
Жагымдуу маанайда өткөн жолугушуу белектерди тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.
Андан соң, коноктор “Манас” телеканалынын алдыңкы технологиялар менен жабдылган телестудияларында жана “Манас” радиосунда болушту.