Ректор, профессор Алпаслан Жейлан окутуучулар менен жолугушуусун улантууда: Биз бирге күчтүүбүз


  • 2025-03-29

Кыргыз-Түрк “Манас” университети бул жылы Орозо айынын руханий атмосферасын жана бөлүшүү рухун эң сонун деңгээлде көрдү. Окуу жай тарабынан өткөрүлгөн ооз ачуу иш-чаралары аркылуу биримдик жана тилектештиктин эң мыкты үлгүсүн чагылдырып, Орозо айынын берекесин толугу менен сезүүгө шарт түзүлдү.

Ооз ачуу иш-чаралары учурунда ректор, профессор Алпаслан Жейлан университеттин окутуучулары менен жолугушууларды өткөрдү.

28-март күнү жылуу атмосферада өткөн акыркы ооз ачуу иш-чарасына ректор Жейлан менен бирге ректордун кеңешчиси, профессор Кемал Полат жана факультеттерден ага окутуучулар катышты.

Ооз ачуу иш-чарасында ректор окуу жайыбыздын эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктери, жаңы долбоорлору жана өнүгүүлөрү тууралуу окутуучуларга маалымат берди. Мындан тышкары, билим берүү тармагынын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын угуп, пикир алмашуу жүргүзүлдү.

“Манас” университетинин ыйык айда өткөргөн ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы, студенттерге уюштурулган акысыз ооз ачарлар жана аз камсыз болгондорго таратылган Орозо баштыктары тилектештиктин эң мыкты үлгүсүн көрсөттү. Профессор Жейлан бул сыяктуу иш-чараларга материалдык жана руханий колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирип, окуу жайыбыздын эл аралык аренада көтөрүлүшүнө салым кошууну улантууга чакырды.

Тилектештик жана боордоштук сезимдердин эң алдыңкы чегине жеткен ооз ачуу иш-чарасы окутуучулардын бири-бирине жакшы тилектерин айткан майрамдык куттуктоо аземи менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү