“Ататүрк” университети менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кызматташтыгынын алкагында уюштурулган “21-кылымдын биринчи чейрегинде түрк тарыхчылыгы: учурдагы маселелер жана аларды чечүү жолдору” аттуу ачык талкуу Нене Хатун атындагы маданият борборунда бир нече адамдын катышуусунда өткөрүлдү.
Ачык талкууга “Ататүрк” университетинин ректору, профессор Ахмет Хажымүфтүоглу жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен бирге КТМУнун гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, ректордун кеңешчилери профессор Кемал Полат жана профессор Октай Өзгүл, ошондой эле көптөгөн окутуучулар жана студенттер катышты.
Түркиянын түрдүү аймактарындагы университеттерден келген 100гө жакын илимпоздун салымы кошулган бул ачык талкуу түрк тарыхчылыгындагы актуалдуу маселелер каралган жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланган маанилүү илимий платформа болду.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ачык талкуунун ачылыш сөзүндө “Ататүрк” университетинин мүчөсү болгонуна, биргелешкен илимий долбоорго катышканына жана Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы терең байланыштарга салым кошуп жатканына кубанычта экенин билдирди.
Ректор, Жейлан сөзүн мындай деп улантты: “Биз, тарыхчылар, тарыхты жазууда эң негизги таянычыбыз улуттук булактар жана өзүбүздүн тарыхый түшүнүгүбүз болушу керек. Ар бир түрк сөзсүз түрдө Көктүрк жазмаларын окушу керек. Анткени бул жазмалар өтмүштөн келечекке карай жол көрсөткөн кайталангыс мурас болуп саналат. Зия Паша айткандай эле, тарых — эң улуу мугалим. Анын насаатынан эч ким өзүн тышкаркы деп эсептей албайт. Бүгүн бул жерде катышып жаткан кымбаттуу илимпоздордун баяндамалары жаш изилдөөчүлөргө жана студенттерге чоң салым кошот. Бул маанилүү иш-чаранын ишке ашышына өзгөчө салым кошкон “Ататүрк” университетинин ректору, профессор Ахмет Хажымүфтүоглу баш болгон уюштуруу комитетине жана бардык катышуучуларга чын дилимден ыраазычылык билдирем.”
“Ататүрк” университетинин ректору, профессор Ахмет Хажымүфтүоглу өз сөзүндө университеттер коомго салым кошкон эң маанилүү билим берүү мекемелери экенин баса белгилеп, “Өз тарыхыбызды келечек муунга туура жана илимий негиздерде жеткирүү максатында жүргүзүлгөн мындай ачык талкуулар – биздин жана башка көптөгөн университеттер тарабынан ар түрдүү иш-чаралар менен колдоого алынып, келечекке жол көрсөтүүдө”, — деди.
Профессор Хажымүфтүоглу илимий жыйындан алынган маалыматтар жана натыйжаларды коомчулук менен бөлүшүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул маанилүү иш-чара аркылуу тарыхчыларды бириктирген ачык талкуу уюштуруу комитетине жана бардык конокторго ыраазычылык билдирди.
Ачылыш сөздөрүнөн кийин КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейланга арналган “Арноо китеби” “Ататүрк” университетинин ректору, профессор Ахмет Хажымүфтүоглу тарабынан тартууланды.
Ачык талкуунун жүрүшүндө күн бою түрк тарыхчылыгынын түрдүү тармактарына багыт көрсөткөн кеңири баяндамалар жасалды. Өз тармагынын адиси болгон окутуучулар тарабынан жасалган бул илимий баяндамаларда өтмүшкө терең талдоо жүргүзүлүп, учурдагы тарых жазуусу боюнча жаңы ыкмалар жана чечүү жолдору талкууланды.