2025-2026 ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ОРХУН АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫ АЛКАГЫНДА КАБЫЛ АЛУУЛАР БАШТАЛДЫ


  • 2025-04-14

Түрк Мамлекеттер Уюмунун Түрк университеттер биримдигине мүчө университеттер арасында ишке ашырылып жаткан Орхун алмашуу программасы алкагында 2025-2026 окуу жылынын күзгү жана жазгы семестрлеринде окууну каалаган Кесиптик лицей, Бакалавриат, Магистратура жана Докторантура деңгээлиндеги студенттер үчүн конкурс ачылды. Ошондой эле, конкурс алкагында университетибиздин окутуучулары  2 жумалык академиялык мобилдүүлүк программасына дагы тапшырса болот. Конкурска катышууну каалаган студенттер жана окутуучулар 2025-жылдын 30-апрели саат 17:00га чейин жарыяда көрсөтүлгөн документтерди Тышкы байланыштар бюросуна тапшырышы керек.

2025-2026 окуу жылы квоталары

Конкурстун календары:

Студенттердин жана окутуучулардан арыздарды кабыл алуу

14 - 30-апрель 2025

Кабыл алынган арыздарды тапшырылган университеттерге жөнөтүү жана жыйынтыктарды топтоо

01 - 15-май 2025

Жалпы жыйынтыктарды жарыялоо

25-май 2025

Кайрылуу дареги:

Коммуникация факультети, Тышкы байланыштар бюросу, 1-кабат, А-105-кабинет

Кошумча суроолор менен orhun@manas.edu.kg электрондук почта аркылуу кайрылсанар болот.

Керектүү документтер:

Студенттердин мобилдүүлүгү:

  1. Студенттин маалымат формасы (http://www.turkunib.org/tr/orhun )
  2. Транскрипт

Мугалимдердин академиядык мобилдүүлүгү :

  1. Окутуучунун маалымат формасы (http://turkunib.org/tr/orhun)
  2. Мугалимдердин мобилдуулук программасы (http://turkunib.org/tr/orhun)

Арыз берүүдө билишиңиз керек болгон жагдайлар:

  • Арыз берүүдө бир университет жана бир семестр тандалат.
  • Бардык документтер компьютерде толтурулушу керек.
  • Студенттин жалпы академиялык орточо баасы төрт баллдык системадан эң аз эки жарым (2.5/4.00)  болушу шарт.
  • Арызды бакалаврдын 2-курсунун, кесиптик жогорку окуу жайынын 1-курсунун студенттери тапшыра алышат.
  • Жыйынтык тизмесинде орун алган студентттердин жол чыгымдары университетибиз тарабынан каржыланат. Жашоо чыгымдары болсо (жатакана жана тамак-аш) тандалган университетке жараша өзгөрөт (тиркемедеги таблицаны караңыз).

Мобилдүүлүктүн мөөнөтү:

  • Студенттер үчүн 1 (бир) семестр
  • Мугалимдердин 2025-2026-окуу жылынын күзгү же жазгы семестри ичинде 14 күн  жана жумасына эң аз 6 саат сабак/семинар өңдүү адемиялык жана илимий иш чараларды камтышы керек.
    Социалдык медиада бөлүшүү