Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмү СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, атактуу актриса Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына карата даярдаган “Талант жана тагдыр” аттуу киносериалдын бет ачарын өткөрдү.
2025-жылдын 11-апрелинде КТМУнун коммуникация факультетиндеги Артыкбай Сүйүндүков атындагы кинозалында өткөн бет ачарга университет жамааты жана искусство дүйнөсүнүн көптөгөн көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.
Иш-чарага КТМУнун проректору, профессор Режаи Доган, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, телесериалдын көркөм жетекчиси, сценарийдин автору, драматург, театр таануучу, профессор Жаныш Кулмамбетов, киносериалдын режиссёру Тынчтыкбек Акималиев, “Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемесинин башкы директору, акын жана драматург Жеңишгүл Өзбекова, КРнын эл жазуучусу, драматург Кайрат Иманалиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Осмонбек Артыкбаев, Кыргыз эл артисти, режиссер Асанкожо Айтикеев, ошондой эле окутуучулар, студенттер жана коноктор катышты.
Аталган иш-чара “Талант жана тагдыр” аттуу киносериалдын көрсөтүлүшү менен башталды. Андан соң көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Күршад Гүлбейаз студенттери менен сыймыктанганын билдирип, мындай деди: “Бул ийгилик — жаш өнөр адамдарынын шык-жөндөмү менен бирге, эмгек жана ишеним жуурулушкан искусство түшүнүгүнүн үзүрү. Жалпыңыздарды чын жүрөгүмдөн куттуктайм!”
Кечеде сөз сүйлөгөн проректор, профессор Режаи Доган театралдык искусство бир гана көңүл ачуучу каражат эмес, маданияттардын кездешкен чеги жана коомдук аң-сезимди алып жүрүүчү күч экенин баса белгиледи. “Манас” университетинин студенттери — искусствого да, өз маданиятына да баалаган инсан катары тарбияланып жатышат. Бул биз үчүн өзгөчө чоң сыймык”, — деп, актёрлорду жана салым кошкон бүтүндөй топту куттуктады.
Андан соң сөз алган телесериалдын көркөм жетекчиси, профессор Жаныш Кулмамбетов киносериалдын жаралуу процессине токтолуп, бул иш көркөм өнөр факультетинин окутуучулары жана театралдык искусство бөлүмүнүн 2-3-курсунун студенттеринин узакка созулган, кылдатттык жана жан дили менен жасалган эмгегинин жыйынтыгы экенин айтты. Кулмамбетов студенттер теориялык билимдерин да, практикалык жөндөмдөрүн да жогорку тартип менен сахнага чагылдырышканын баса белгилеп, бул иш ошол эле учурда билим берүүдө көркөм чыгармачылыктын кандай чоң мааниге ээ экенин да көрсөтөрүн билдирди.
“Талант жана тагдыр” киносериал гана эмес, кыргыз элинин маданий мурасын сактап калуу жана аны кийинки муундарга жеткирүү максатын көздөгөн маңыздуу көркөм чыгарма катары элдин эсинде калды. Бай маданий элементтери жана таасирдүү баяндоосу менен көрүүчүлөрдү өтмүштүн издерине жетелеген бул киносериал болуп өткөн окуяларды сахнага чыгарып, терең сезимдерди жаратты. Бет ачар аземи искусствонун бириктирүүчү күчүн дагы бир жолу далилдесе, ал эми “Талант жана тагдыр” көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапты.
Маданий иш-чара жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.