2025-жылдын 11-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында түрк элдик музыкасынын алдыңкы чыгармаларын тартуулаган эстен кеткис концерт уюштурулду. Көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн окутуучусу Нежип Йылгын тарабынан даярдалган “Түрк элдик музыкасы” аттуу концерт музыка сүйүүчүлөрү менен жолугушту.
Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн концерттик программада “Uzun ince bir yoldayım”, “Dostum dostum” , Neredesin sen”,”Mihriban”, “Göçmen kızı”, “ Ordu’nun ışıkları” жана башка түрк элдик ырлары жаңырып, залда отурган көрүүчүлөргө маданий саякат тартуулады.
Түрк элдик музыкасынын рухун жана байлыгын жогорку деңгээлде көрсөтө алган бул таасирдүү аткаруулар зал толо көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуусуна арзыды.
“Манас” университетинин искусство жана маданиятка берген баалуулугу музыка аркылуу кайрадан жанданды.