КТМУнун коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүм башкармалыгы тарабынан бул жылдын эсебинен экинчи жолу уюштурулган коммуникация факультетинин семинарлары “Санариптешүү, жасалма интеллект жана коммуникация” аттуу темада онлайн форматта өткөрүлдү. Семинарлар бүгүнкү күндөгү технологиялык өзгөрүүлөрдүн эң маанилүү тармактарынын бири болгон жасалма интеллекттин коммуникацияга тийгизген таасирин ар кыл көз караштан карап чыгуу менен катышуучуларга академиялык перспектива тартуулады.
Иш-чаранын жүрүшүндө үч онлайн семинар уюштурулду. Доцент Танер Атмажа “Жасалма интеллект жана билим берүү”, профессор Эрдинч Аслан “Жасалма интеллект жана котормо” жана профессор Серкан Өзтүрк “Жасалма интеллект жана кино” деген темаларда презентация жасоо менен семинарга өз салымдарын кошту. Өз тармагында адис окутуучулар жасалма интеллекттин билим берүүдөн кино тармагына, котормодон коммуникация стратегияларына чейин жараткан өзгөрүүлөрдү кеңири жана терең түрдө талкууга алышты.
Семинарлардын модераторулугун коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн башчысы, доцент А. Бахадыр Дары аткарып, илимий кызматкерлердин, студенттердин активдүү катышуусунда өткөн иш-чаралар теориялык жана практикалык жактан пайдалуу маалымат алмашууга өбөлгө түздү.
Семинарлар сериясы санариптешкен дүйнөдө жасалма интеллекттин коммуникация тармагы менен болгон ар тараптуу байланышын талкуулап, катышуучуларга заманбап жана жигердүү мазмундарды тартуулай бермекчи.