2025-жылдын 17-апрелинде Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Жаңы ысымдар” X эл аралык студенттик спектаклдер фестивалы салтанаттуу түрдө жабылды. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союзу жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин демилгеси менен уюштурулуп келген фестиваль бул жылы Х ирет өткөрүлдү.
Жаш театр ишмерлерин, актёр, режиссёрлорду шыктандыруу, аларга стимул берүү, театр тармагында билим берген окуу жайлардын тармактык жактан өнүгүүсүн камсыздоо, ошондой эле жаш таланттардын бири-бири менен байланыш түзүүсүнө көпүрөө болуу максатын көздөп уюштурулган студенттик спектаклдер фестивалына Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театралдык окуу жайларынын студенттер катышты.
Театрда жылдызы жанган жаш таланттар
Эл аралык фестивалда Кыргыз-Түрк “Манас” университети бир катар сыйлыктар менен сыйланды. Калыстар тобунун чечими көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери тартуулаган “Бөрүнүн тилеги” спектакли 2-орунду камсыздады. Ал эми “Мыкты театр сыны” номинациясына аталган факультеттин студенттери; Жаңылай Эгембердиева (“Саманчынын жолу”), Айдана Келдибекова (“Карышкырлар жана койлор”), Мээрим Курбанбекова (“Карышкырлар жана койлор”, “Кыз-Жибек”, “Маанилер эшиги”) спектаклдерине жазган рецензиялары үчүн ээ болушту. Ал эми “Мыкты эксперименти үчүн” номинациясы театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Эльвира Караевага тапшырылды. Мындан тышкары, “Драматургия” багыты боюнча окуу жайыбыздын студенттери; Элнура Шабырбекова (“Волна”), Диана Жумабекова (“Тишина выбирает”) жана Самара Кадыркулова (“Лицо без маски”) пьесалары үчүн сыйланышты.
“Манас” университетинин таланттары студенттик фестивалдын ачылышында “Бөрүнүн тилеги” спектаклин тартуулашты
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Х “Жаңы ысымдар” эл аралык студенттик спектаклдер фестивалынын ачылышында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери тарабынан сахналаштырылган “Бөрүнүн тилеги” спектакли тартууланды. Спектакль Кытай эл жазуучусу Шэнь Шисинин “Бөрүнүн тилеги” аттуу аңгемесинин негизинде коюлду.
Таланттуу студенттердин аткаруусу театр сүйүүчүлөрүн дүркүрөгөн кол чабуусуна арзыды. Спектаклдин соңунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов спектаклдин режиссеру жана либреттонун автору, театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Эльвира Караевага диплом ыйгарды.
Окуу жайыбыздын жалпы жамаатынын атынан көркөм өнөр факультетинин профессордук-окутуучулук курамын жана таланттуу студенттерин куттуктап, чыгармачыл ийгилик каалайбыз!