КТМУда “Бүткүл дүйнөлүк ветеринария кызматкерлеринин күнү” илимий жыйыны уюштурулду


  • 2025-04-24

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультети тарабынан 2025-жылдын 24-апрелинде бүткүл дүйнөлүк ветеринария кызматкерлеринин күнүнө карата “Айбанаттардын саламаттыгы – бул жалпы эмгек” аттуу илимий жыйын өткөрүлдү. Ректорлук жыйындар залында уюштурулган иш-чарага проректор, профессор Режаи Доган, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен, окутуучулар жана студенттер катышты.

Илимий жыйын ветеринария факультетинин таанытуу тасмасын көрсөтүү менен башталды. Андан соң ачылыш сөзүн сүйлөгөн факультеттин деканы, профессор Исмаил Шен бүткүл дүйнөлүк ветеринария кызматкерлеринин күнүнүн коомдун саламаттыгы, жаныбарлардын жыргалчылыгы жана айлана-чөйрөнү коргоодогу маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ал ветеринардык кесип жаныбарлардын саламаттыгы менен гана чектелбестен, адамдын жана айлана-чөйрөнүн саламаттыгына да түздөн-түз салым кошкон көп тараптуу кесип экенин белгиледи.

Илимий жыйынды профессор Аскарбек Түлөбаев жетектеп, өз сөзүндө бул күндүн маанисине жана маанилүүлүгүнө токтолуп, кесиптин калктын саламаттыгы, азык-түлүк коопсуздугу жана экологиялык туруктуулук жагынан чечүүчү роль ойноорун баса белгиледи.

Иш-чарага ветеринария тармагында маанилүү кызматтарды аркалаган адистер катышып, катышуучуларга билим жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Мамлекеттик ветеринариянын Балыкчы шаардык башкармалыгынын башчысы, профессор Марат Мусакунов ветеринария илиминин тарыхый өнүгүү жолун, коомдогу ордун түшүндүрүп, бул ыйык кесиптин курмандыкты жана жоопкерчиликти талап кылган жактарына токтолду. Баяндамасынан кийин “Ветеринар адистиги маршын” аткарып, көпчүлүктү таң калтырган профессор Мусакуновго залдагылар дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп отурушту.

Андан соң, Кыргызстандын жеке ветеринарлар ассоциациясынын төрагасы, профессор Марат Сыдыгалиев жеке сектор менен мамлекеттик мекемелердин кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинология борборунун башкы инспектору, подполковник Шер Кулманбетов коопсуздукту жана издөө-куткаруу иштеринде үйрөтүлгөн иттердин ролун түшүндүрдү.

КТМУнун ветеринария факультетинин окутуучусу, доцент Али Кумандаш “Айбанаттардын саламаттыгы – бул жалпы эмгек” аттуу баяндамасында ветеринарлар жалгыз эмес, техниктерден лаборанттарга, мал ээлеринен расмий мекемелердин өкүлдөрүнө чейин көптөгөн адамдар менен координацияда иш алып барышканын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөгөн проректор, профессор Режаи Доган залда отурган профессордук-окутуучулук курам менен студенттерди майрамы менен куттуктап, бул маанилүү иш-чараны уюштургандарга ыраазычылык билдирди. Профессор Доган ветеринардык бир гана кесип эмес, жандууларды жана адамдарды урматтоонун конкреттүү көрсөткүчү экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле кесиптин калктын саламаттыгына кошкон салымынын маанисине көңүл буруп, ветеринариянын коомдогу баалуулугу күндөн-күнгө өсүп жатканын билдирди.

Илимий жыйында университетке жана ветеринария факультетинде 39-берененин негизинде беш жылдан бери эмгектенип, Түркияга кайтып жаткан профессор Фатих Хатипоглуна бул убакыт аралыгында кошкон зор салымы үчүн проректор, профессор Режаи Доган ыраазычылык кат тапшырды.

Мындан тышкары, бүткүл дүйнөлүк ветеринария кызматкерлери күнүнө карата өткөрүлгөн футбол мелдешинде мыкты оюн көрсөткөн факультеттин студенттери медалдар менен сыйланышты.

Иш-чара жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

    Социалдык медиада бөлүшүү