2025-жылдын 24-апрелинде “Ала-Арча-1” мамлекеттик резиденциясында “Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясы башталды.
Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өз ишин баштаган аталган конференцияга 50дөн ашуун мамлекеттин жана 30га жакын эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, өлкөнүн министрлик, мекеме уюмдарынын кызматкерлери катышууда. Алардын арасында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев да бар.
Аталган конференция тоо күн тартибин эл аралык климаттык процесстерге, экологиялык конвенцияларга жана туруктуу өнүгүүнүн күн тартибине интеграциялоо боюнча кызыкдар мамлекеттердин, анын ичинде тоолуу өлкөлөрдүн аракеттерин координациялоого көмөктөшүү, тоолуу аймактар туш болгон экологиялык, социалдык жана экономикалык көйгөйлөргө эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу, кызматташтыкты бекемдөө жана 2027-жылы өтүүчү “Бишкек+25” экинчи Бишкек Глобалдык Тоо саммитине даярдык көрүү боюнча биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу максатында уюштурулду.
Эки күнгө созулган иш-чара БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Кыргыз Республикасынын президенти С.Н. Жапаровдун демилгеси менен жарыяланган Тоо аймактарын өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер (2023-2025) алкагында өткөрүлүүдө. Коференция тоолуу аймактардын жашоочулары туш болгон уникалдуу көйгөйлөргө эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурган маанилүү кадам болуп саналат.