Студенттик жатакана башкармалыгынан кулактандыруу


  • 2025-05-14

2025–2026-окуу жылы студенттик жатаканалар үчүн кайрылуулар 14.05.2025 03.06.2025 күндөрү кабыл алынат. Арыздар OBIS системасы http://obis.manas.edu.kg/ аркылуу студенттин өзүнүн жеке сыр сөзү менен онлайн түрдө жүргүзүлөт.

Жатаканага өтүнмө берүү үчүн бул жерди басыңыз.

Арыз  берүү жөнүндө маанилүү эскертүүлөр:

1. Жатаканаларга кабыл алуунун биринчи шарты — расмий арыз берүү. Арыз бербеген студенттер жатаканада жашоо укугуна ээ болбойт.

2. Жатаканага кабыл алуу бир гана окуу жылына жарактуу. Ошондуктан бул арыз  2025–2026-окуу жылы үчүн гана өтөт. Кийинки жылдар үчүн кайрадан арыз берүү керек.

3. Жатаканага арыз берүү башталганда 28 жаш жана андан улуу жаштагы орто кесиптик жана бакалавр студенттери, 36 жаш жана андан улуу жаштагы магистратура жана докторантура студенттеринин арыздары кабыл алынбайт.

4. Жатаканага кирүү учурунда ар бир студенттен 5000 сом депозит алынат. Жылдын аягында кайтарылат.

5. Баалоо системасы боюнча, арыздары каралган студенттердин упайы эң жогорку болгондон эң төмөнкүгө карай система тарабынан тизмелендирилет жана ошого карап кээ бир студенттер НЕГИЗГИ  тизмеге, кээ бир студенттер болсо КЕЗЕК (yedek) тизмеде жарыяланат. Жатаканадагы бош жерлер КЕЗЕК тизме боюнча кезеги келген студенттер менен толтурулат.

6. Студенттердин жатаканага кирүүсү 2025-жылдын 25-августунан тарта башталат. Бул күнгө чейин студенттер жатаканага кабыл алынбайт.

7. Арызда  көрсөтүлгөн дарек, ата-энесинин абалы, университетте окуган  бир туугандардын саны, ден соолук (мүмкүнчүлүгү чектелген)   ж.б. маалыматтардын (эгерде бар болсо) тиешелүү  документтер менен тастыкталышы керек. Толук эмес же жашырылган маалыматтар менен берилген арыз  жараксыз деп эсептелет.

8. Жатакана акысы  жатаканага кирүүдө толук төлөнөт. Толук төлөө мүмкүнчүлүгү болбогондордун 2ге бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү каралган. Төлөм тууралуу документи (квитанция) жок болгондор жатаканага кабыл алынбайт.

9. Жатаканада жашоо укугу ар бир студенттин өзүнүн жеке укугу жана бул укукту  расмий түрдө башкасына берүүгө мүмкүн эмес.

10. Кезеги келгенде жатаканага жайгашпаган студент жатаканага кирүү укугунан ажыраган болуп эсептелет.

11. Жатаканадан кандай гана себеп болбосун чыгып кеткен студент ошол эле окуу жылында кайра кире албайт.

12. Жатакананын сырткы эшиктери;

– Жекшемби, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби күндөрү — саат 23:00дө
– Жума, ишемби жана расмий майрам күндөрү — саат 00:00дө жабылат.

13. Студенттерге берилген төшөк, жууркан, жаздык,  ж.б. жеке буюмдар жана ошондой эле кран, душ, ванна жана башка буюмдарга зыян келтирилсе, чыгым студент тарабынан төлөнөт.

 

Жатакана акысы:

2025-2026- окуу жылы үчүн эсептелген жатакана акысы төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн.

 

А БЛОК

Б БЛОК

Ж БЛОК

ДАЯРДОО КУРСУНУН СТУДЕНТТЕРИ

19.000 СОМ

15.200 СОМ

11.400 СОМ

ЖОГОРКУ КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ

18.000 СОМ

14.400 СОМ

10.800 СОМ

МАМЛЕКЕТТИК СЫНАККА КИРГЕН СТУДЕНТТЕР

20.000 СОМ

16.000 СОМ

12.000 СОМ

АКЫРКЫ КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ

20.000 СОМ

16.000 СОМ

12.000 СОМ

 

Маанилүү күндөр:

Жатаканага кайрылуу убагы

14.05.2025 – 03.06.2025

Маалыматтардын тастыкталышы

09.06.2025 – 20.06.2025

Упайлардын тактоосу

23.06.2025 – 18.07.2025

Негизги жана кезек тизмелердин жарыялануусу

21.07.2025 – 25.07.2025

Негизги тизмедеги студенттерди жатаканага жайгаштыруу убагы

25.08.2025 – 19.09.2025

Бош калган орундарга кезек тизмеден студенттердин жайгаштырылып баштоосу

22.09.2025’ден баштап

    Социалдык медиада бөлүшүү