Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин туризм факультетинин жетекчилигинде Кыргыз Туроператорлор Ассоциациясы (КАТО) жана Түштүк Эгей Туристтик Мейманкалар жана Операторлор Ассоциациясы (GETOB) менен биргеликте “Түркия менен Кыргызстандын туризм ишканаларынын тажрыйба жана маалымат алмашуу” долбоорунун алкагында кесиптик билим берүү программасы уюштурулду.
Мугланын Мармарис районунда өткөрүлгөн программага Кыргызстандан 28 туризм ишмери катышты. Катышуучулар Даламан-Сарыгерме, Мармарис жана Датча аймактарындагы мейманканалар менен ишканаларды кыдырып, жеринде таанышуу иш-чараларын өткөрүштү.
Программа учурунда катышуучулар түрк туризм секторунун иштөө тартибин жеринен байкап, тармактын өкүлдөрү менен түздөн-түз маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Кыргызстандан барган делегациясыны КТМУнун туризм факультетинен Доц.м.а.док. Нарынгуль Маргазиева жана окутуучу Кымбат Асанова коштоп жүрүштү.
Бул кесиптик билим берүү программасы туризм тармагында кесиптик өнүгүүнү гана эмес, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара кызматташууну күчөтүүнү да максат кылат.
Программа алкагында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин орун басары жана туризм тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Мармаристе биринчи жолу “Кария Визион” аттуу иш-чара да өткөрүлдү.
Иш-чарада КТМУнун туризм факультетинин декан жардамчысы, Доц.м.а.док. Нарынгуль Маргазиева “Манас” университетинин ишмердүүлүгү жана Кыргызстандын туризми тууралуу баяндама жасады.
Боордош эки өлкөнүн ортосундагы мындай кызматташуулар алдыда дагы да уланышы күтүлүүдө.