Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коомго кызмат кылуу миссиясынын негизинде ишке ашырылып жаткан социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун алкагында айылдарга жана мектептерге болгон сапары кайрадан башталды. КТМУнун Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчиси жана ректордун кеңешчиси, профессор Кемал Полаттын координаторлугунда уюштурулган иш-сапар Ысык-Көл, Каракол жана Нарын аймактарын камтыды.
Делегация өкүлдөрү Балыкчы, Чолпон-Ата, Бостери, Каракол, Барскоон жана Баетовдогу жалпы 30 мектепке барып, 2000ге жакын окуучу менен түздөн-түз байланышып, аларга билим жана багыт берүү боюнча колдоо көрсөтүлдү.
Делегациясын курамында профессор Кемал Полат, кенже илим.кызм.док. Айбек Бөдешов, Айдай Токторбекова, Бектурсун Сыдыков, Нургазы Сыйданов жана Самат Урманбетов болду.
Программалардын алкагында окуучуларга жогорку билимдин мааниси, кесип тандоо процессинде көңүл бурууга тийиш болгон жагдайлар, өзүн-өзү өнүктүрүү, карьера пландоо жана заманбап доордун талаптарына ылайык өмүр бою билим алуунун мааниси тууралуу кеңири презентация жасалды.
Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык программалары, эл аралык кызматташтык багыттары жана студенттерге сунушталган стипендия мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да кеңири маалымат берилди.
Көптөгөн мектептерде биринчи жолу өткөрүлгөн мындай комплексттүү программалар окуучулар тарабынан да, мектеп администрациясы тарабынан да чоң кызыгуу жана канааттануу менен кабыл алынды. Мектеп жетекчилери өз ойлорун билдирип жатып, төмөнкүдөй пикирлерин айтышты: “Сиздердин бул сапарыңыздар бизди шыктандырып, дем берди. Окуучуларыбыз менен түз байланыш түзгөнүңүздөр аларга жол көрсөттү. Бул маанилүү ишиңиздер үчүн сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.”
Сапардан кийин профессор, Кемал Полат төмөнкүлөрдү белгиледи: “Биз, “Манас” университети, академиялык жетишкендиктер менен бирге коом алдындагы жоопкерчиликтерге да чоң маани беребиз. Кыргызстандын ар түрдүү аймактарында келечегибиз болгон жаштар менен жолугуп, аларга багыт берүү жана билим алуу жолунда шыктандыруу – бул биз үчүн чоң сыймык. Бул маанилүү долбоордо жан дили менен иш алып барган бардык команда мүчөлөрүнө рахмат айтам.”
Кыргыз-Түрк “Манас” университети ишке ашырган социалдык жоопкерчилик долбоорлору аркылуу жогорку окуу жай болуу менен гана чектелбестен, жаштарга дем берген жана өлкөнүн билим берүү менен өнүгүү максаттарына чын дилден салым кошкон алдыңкы концепциядагы мекеме болууну улантууда.