“İntihal.net” системасына байланыш ачылды…


  • 2025-05-23

2025-жылдын 23-майынан тартып университетибиз үчүн “İntihal.net” системасына байланыш ачылды. Бул система аркылуу университеттин баардык колдонуучулары (студенттер дагы) макалалар, диссертациялар, дипломдук иштер, китептер жана башка илимий иштерди плагиаттан акысыз текшере алышат.

Системага бул жерден кире аласыз.

Плагиаттан текшерүү ишин ар бир колдонуучу өзү жүргүзө алат. Бул үчүн университетибиздин @manas.edu.kg домениндеги корпоративдик электрондук почта дареги аркылуу катталуусу зарыл. Каттоо учурунда биздин университет тандалышы керек.

Колдонмо нускамасы жана таанытуу видеосу “İntihal.net” системасынын веб-сайтындагы “Документтер” бөлүмүндө жайгашкан.

    Социалдык медиада бөлүшүү