КТМУда 2024–2025-окуу жылынын жалпы академиялык жыйыны болуп өттү


  • 2025-05-26

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2024–2025-окуу жылынын жалпы академиялык жыйыны 23-май күнү конгресс жана маданият борборунда болуп өттү. Жыйынга ректор, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Режаи Доган, башкы катчы профессор Исмет Алтынташ, ошондой эле академиялык жана административдик кызматкерлер катышты.

2020-2024-жылдардагы жетишкендиктер 2025–2030-жылдардагы максаттар менен айкалышты

Ректор,  профессор Алпаслан Жейлан презентациясында КТМУнун акыркы төрт жылда билим берүү, илимий изилдөө, санариптештирүү, интернационалдаштыруу жана жашыл студенттик шаарча боюнча жетишкендиктер менен бөлүштү. Ошондой эле академиялык жамаатты 2025–2030-жылдарга байланыштуу максаттар менен тааныштырды.

Жетишкендиктерге бай мезгил (2020–2024)

  • QS дүйнөлүк рейтингинде алдыңкы 1000 университеттин катарына кирди; Азияда 230-орунга, Борбордук Азияда 10-орунга чыкты.
  • GreenMetric рейтингине Кыргызстанда биринчилерден болуп кирди.
  • Акыркы 5 жылда WOS индекстелген басылмалардын саны %71ге жетти; 2025-жылдын биринчи чейрегинде 57 басылма жарык көрдү.
  • 59 активдүү илимий долбоор 2,5 миллион долларлык грант менен колдоого алынды.
  • 14 өлкөдөгү 163 мекеме менен кызматташуу келишимдери түзүлдү.
  • Санариптик өзгөрүүлөрдүн алкагында 34 жаңы программа иштелип чыкты, 2 миллион ресурстук санарип китепкана түзүлдү.
  • Жаңы факультеттер жана программалар менен академиялык багыттар кеңейди: Медицина факультети жана Кыргыз тили жана адабияты программасы ачылууда.
  • Студенттик шаарчаны жаңылоо, жашылдандыруу, санариптик документ башкаруу жана социалдык жайларга тиешелүү инвестициялар ийгиликтүү ишке ашырылды.

2025–2030-жылдарга карата стратегиялык максаттар

  • QS рейтингинде дүйнөлүк алдыңкы 500 университеттин катарына кирүү, жыл сайын басылманын санын 15%га көбөйтүү.
  • Жасалма интеллект боюнча студенттерге кеңеш берүү жана санарип экосистеманы интеграциялоо.
  • Нөлдүк калдык жана энергия натыйжалуулугун колдонуу, Түрк дүйнөсү ботаникалык бакчасы.
  • Технопарк жана идеялык инкубация борбору, “Манас ишкердик күнү” сыяктуу ишкердикке багытталган инновациялар.
  • Корпоративдик маалыматтарды башкаруу жана ачык жеткиликтүү аткаруу отчеттору.

Академиялык стимулдук жетишкендиктер: Алдыңкы бештикке кирген окутуучулар

2024-жылдагы академиялык стимулдук жетишкендиктерди баалоонун жыйынтыгында табигый так жана коомдук илимдер тармактарында жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон окутуучуларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды:

Табигый так илимдер тармагы:

  • Профессор Мехмет Кобйа (Инженердик факультет)
  • Профессор Эржан Челик (Табигый так илимдер факультети)
  • Профессор Ферхан Түмер (ордуна доцент Өмүр Арас – Инженердик факультет)
  • Доц.м.а.док. Фатих Рамазан Истанбуллугил (Ветеринария факультети)
  • Доцент Рита Исмаилова (Инженердик факультет)

Коомдук илимдер тармагы:

  • Доцент Явуз Эржан Гүл (Гуманитардык факультети)
  • Доцент Замира Өскөнбаева (Экономика жана башкаруу факультети)
  • Профессор Гөкхан Өзер (Экономика жана башкаруу факультети)
  • Доцент Үмүт Сормаз (Туризм факультети)

Сапатты башкарууда “Нөлдүк ката” менен алдыга чыккан түзүмдөргө ыраазычылык

ISO 9001:2015 Сапатты башкаруу системасынын 1-көзөмөл аудитинен “нөлдүк ката” менен өткөн төмөндөгү түзүмдөргө ыраазычылык каттары тапшырылды:

  • ЖОЖдон кийинки билим берүү институту
  • Шейит Эрен Бүлбүл атындагы ден соолук борбору
  • Аккредитация жана сапатты башкаруу түзүмү
  • Турмуш-тиричиликти тейлөө жана буфеттерди иштетүү бөлүмү

Академиялык кызматка дайындоолор жана кызматтык жогорулатуулар: Мантия кийгизүү аземи

Академиялык жыйындын акыркы бөлүгүндө 2023–2024-окуу жылында илимий наамы жогорулатылган окутуучуларга мантия кийгизүү аземи өткөрүлдү. Мантия кийген окутуучулар төмөнкүлөр:

Профессорлукка көтөрүлгөндөр:

  • Профессор Алпаслан Ашык
  • Профессор Мирбек Туруев
  • Профессор Жеңиш Буяр
  • Профессор Нурбек Алдаяров
  • Профессор Мээрим Имаш кызы
  • Профессор Жыпаргүл Абдырахманова

Доценттикке көтөрүлгөндөр:

  • Доцент Эржан Явуз Гүл
  • Доцент Халит Ашлар
  • Доцент Эрдал Айдогмуш
  • Доцент Гүлшат Мухамеджанова

Доц.м.а.док. наамын алгандар:

  • Доц.м.а.док. Негизбек Шабданалиев
  • Доц.м.а.док. Гүлзада Станалиева
  • Доц.м.а.док. Мээрим Артышева
  • Доц.м.а.док. Бану Эрдоған Чакар
  • Доц.м.а.док. Топчугүл Нармаматова
  • Доц.м.а.док. Канышай Муктарова
  • Доц.м.а.док. Элла Абылаева
  • Доц.м.а.док. Пейил Эсенгүл кызы
  • Доц.м.а.док. Таир Эсенали уулу
  • Доц.м.а.док. Сайкал Бобушова
  • Доц.м.а.док. Кубат Кемелов
  • Доц.м.а.док. Руслан Адил Акай Тегин
  • Доц.м.а.док. Муратали Абдылдаев
  • Доц.м.а.док. Мурат Авжы

Жыйынтыктап айтканда, КТМУнун 2024–2025-жылынын жалпы академиялык  жыйыны бир гана окуу жылынын жыйынтыгы эмес, ошол эле учурда жаңы академиялык концепциянын күчтүү кадамдар менен башталганын көрсөткөн стратегиялык жолугушуу болду.

    Социалдык медиада бөлүшүү