“Манас” университетинен урмат-сыйдын үлгүсү: Этно музейге негиздөөчү декандын аты берилди


  • 2025-05-28

2025-жылдын 27-май күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультетинде маңыздуу азем өткөрүлдү. Факультеттин түптөлүүсүндө маанилүү роль ойногон жана 2008–2013-жылдары негиздөөчү декан кызматын аркалаган профессор Хүсейин Карадагдын ысымы ветеринария факультетиндеги этно музейге ыйгарылды. Бул чечим профессор Карадагдын факультеттин өнүгүшүнө кошкон зор салымын унутпоо, келечек муундарга жеткирүү максатында символикалуу жана туруктуу кадам катары бааланды. Муну менен университеттин маданий жана илимий мурасын чагылдырган бул жай мындан ары Профессор Хүсейин Карадаг атындагы этно музей деген аталыш менен белгилүү болот.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан профессор Карадагдын ветеринария факультетинин негизделишиндеги жана өнүгүшүндөгү маанилүү ордуна токтолуп, мындай деди: “Урмат-сый - өтмүш менен болгон байланышыбызды бекемдеп турган эң баалуу көпүрө. Өтмүштө түзүлгөн бекем пайдубалдын мекемедеги учурдагы жетишкендиктерге түз таасири бар. Хүсейин Карадаг агайыбыздын жумшаган эмгеги бир гана биздин факультетке эмес, жалпы “Манас” университетине тийиштүү баалуу салым болуп саналат. Бул мурасты сактап калуу - келечек алдында турган жоопкерчилигибиздин бир бөлүгү.”

Ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен өз сөзүндө профессор Хүсейин Карадаг негиздөөчү декан катары факультеттин алгачкы билим берүү программаларын жана Түркия менен Кыргызстандан академиялык кадрларды түзүү, материалдык-техникалык жана илимий базаны өнүктүрүү, ошондой эле илимий-тажрыйбалык борбор түзүү сыяктуу негизги тармактарда маанилүү милдеттерди аткарганын баса белгиледи.

Профессор Шен: “Ректордун колдоосу менен факультеттин түптөлүшүндө зор салым кошкон агайыбыздын ысымын этно музейге ыйгаруу чечими кабыл алынды. Факультетибиздин тарыхый өнүгүүсүндө из калтырган бул салымдын мекеменин деңгээлинде бааланып жатканына абдан кубанып, агайыбызга терең ыраазычылык билдиребиз”, - деди.

Аземде сөз сүйлөгөн профессор Хүсейин Карадаг “Манас” университетинин эл аралык деңгээлде өсүп жатканына көңүл буруп, окуу жай аймакка “жол көрсөтүүчү жылдыз” сымал багыт көрсөтүп жатканын белгиледи. Ошондой эле факультетти негиздөө процессине байланыштуу айрым эскерүүлөрүн бөлүшүп, бул жолдо өзүнө колдоо көрсөткөн Шамил Сефергил менен Доц.м.а.док. Фатих Рамазан Истанбуллугилге өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Ысымын этно музейге ыйгарууну чоң урмат катары жана академиялык өмүрүнүн маанилүү чагылышы катары баалаган профессор Хүсейин Карадаг буларга токтолду: “КТМУнун корпоративдик миссиясын чагылдырган бул өзгөчө жайда ысымымдын сакталып калары мен үчүн чоң сыймык. Бул чечим — өтмүштөгү эмгектерди баалаган түшүнүктү да, келечекке карай багытталган көрөгөч мамилени да көрсөтөт деп ойлойм. Бул ишке салым кошкондордун баарына чын дилимден рахмат айтам.”

Аземдин соңунда ректор, профессор Алпаслан Жейлан профессор Хүсейин Карадагга университеттин атынан гүл тапшырып, ыраазычылык билдирди.

“Манас” университетинин ветеринария факультетинде өткөн бул азем корпоративдик иденттүүлүк сезиминин, академиялык эмгекке болгон баалуулуктун жана маданий мураска берилген маанинин мыкты белгиси катары тарыхта калды. Этно музейге профессор Хүсейин Карадагдын ысымын ыйгаруу - факультеттин тарыхына болгон ыраазычылыктын белгиси катары гана эмес, университеттин баалуулуктарына берилгендиктин да ачык символу катары мааниге ээ болду.

    Социалдык медиада бөлүшүү