“Манас” университетинин графика жана живопись бөлүмдөрүнүн студенттеринен жыл жыйынтыктоочу көргөзмө


  • 2025-06-03

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин графика жана живопись бөлүмдөрүнүн жыл жыйынтыктоочу көргөзмөсү ачылды. 2025-жылдын 30-майында өткөн бул көргөзмөдө студенттердин жыл ичинде аткарган эң мыкты эмгектери искусство сүйүүчүлөрүнүн назарына коюлуп, көргөзмөгө окутуучулар жамааты, студенттер жана коноктор катышты.

Живопись, графика, иллюстрация, керамика жана башка түрдөгү эмгектер коюлуп, ар биринде автордун өзүнө гана таандык стили жана идеясы чагылдырылган иш-чарада искусство сүйүүчүлөрү чыгармачыл атмосферада пикир алышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Факультеттин деканы, профессор Күршад Гүлбейаз көргөзмөнүн ачылышында мындай деди: “Студенттердин эмгектерин көрүп жатканыбызга кубанычтабыз. Бул көргөзмө алардын бир жылдык аракетинин жыйынтыгы.”

Мындан тышкары, 2024-2025-окуу жылында жалпы орточо баа көрсөткүчү менен курсу боюнча биринчиликти ээлеген студенттерге ардак грамоталар жана белектер ыйгарылды.

“Манас” университетинин көркөм өнөр факультети студенттердин теориялык жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерди жүргүзүп келет.

 

Manas TV'nin Haberi:

https://www.youtube.com/watch?v=dHtRtI8AEAo

    Социалдык медиада бөлүшүү