Ректор, профессор Жейлан коммуникация факультетинин ийгилик жараткан студенттери менен жолугушту


  • 2025-06-05

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультети 2024–2025-окуу жылында 30дан ашык улуттук жана эл аралык сыйлыктарга ээ болуп, чоң ийгиликке жетишти.

Студенттер жыл бою катышкан улуттук жана эл аралык кинофестивалдарда, ошондой эле 34-ирет өткөрүлгөн “Жаш журналисттер” сыяктуу алдыңкы сынактарда; фотография, кыска метраждуу тасма, даректүү тасма, оригиналдуу сценарий, теле жаңылыктар жана чет тилдеги мыкты операторлук сыяктуу категорияларда биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду багындырып, сыйлыктарга ээ болуп, “Манас” университетин ийгиликтүү таанытышты.

Бул ийгиликтердин артынан 2025-жылдын 2-июнунда КТМУнун окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында уюштурулган программада ректор, профессор Алпаслан Жейлан сыйлыкка ээ болгон студенттер менен жолугушту. Жолугушууга коммуникация факультетинин деканы, доцент Угур Үнал, декан жардамчысы, доцент Эрдоган Акман да катышты.

Студенттер ректор, профессор  Алпаслан Жейланга, университетке жана коммуникация факультетине болгон ыраазычылыктарын билдирип, алган сыйлыктары жеке жетишкендик эмес экенин  баса белгилешти. Алар ийгиликтеринин негизинде факультеттин квалификациялуу окутуучулар курамы жана күчтүү практикалык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтышты.

Коммуникация факультети менен сыймыктанабыз

Жыйында студенттерге кайрылган ректор, профессор Алпаслан Жейлан коммуникация тармагындагы ийгиликтер студенттердин гана эмес, бүткүл университетти сыймыгы экенин белгилеп, төмөнкүдөй пикирин билдирди: “Силердин ийгиликтериңер - биздин эң чоң сыймыгыбыз. Коммуникация факультети таланттуу жана эмгекчил студенттердин аркасынан барган сайын күчтөнүүдө. Бул ийгиликтер - факультет берген сапаттуу билимдин жана практикалык мүмкүнчүлүктөрдүн көрсөткүчү. Манас университети катары силерге ар дайым ишенебиз жана дайыма колдоо көрсөтөбүз.”

Жыйын студенттердин жана жетекчилердин жамааттык эстеликке сүрөткө түшүүсү менен аяктады.

“Манас” университетинин жалпы жамаатынын атынан сыйлык алган бардык студенттерди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана арбын ийгиликтерди каалайбыз!

    Социалдык медиада бөлүшүү