“Манас” университетинин кызматкерлери Курман айтка чогулду


  • 2025-06-07

2025-жылдын 7-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университети Курман айт майрамын белгиледи. Окуу жайдын социалдык курулуштар имаратында уюштурулган майрамдык жолугушууга ректор, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Режаи Доган, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ баштаган академиялык жана административдик кызматкерлер, алардын үй-бүлөлөрү, ошондой эле студенттер катышты.

Майрамдык жолугушууда “Манас” үй-бүлөсү  бир дасторкондон даам сызышып, бири-бирин куттукташты.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө Курман айттын ибадат гана эмес, ошол эле учурда руханий жакындашуунун себепчиси экенин баса белгиледи. Ага ылайык, “Курбандыгыңардын эттери жана кандары эч качан Аллахка жетпейт. Бирок силердин такыбалыгыңар гана (Аллахка) жетет. (Хаж сүрөөсү, 37) аятына токтолуп, курмандыктын маңызы такыбалык аң-сезими менен бекемделерин айтты.

Бул түшүнүккө ылайык майрамдын негизги баалуулуктарына токтолгон ректор: “Бөлүшүүнүн, тилектештиктин, бир туугандык менен мээримдүүлүктүн эң сонун үлгүлөрү жүзөгө ашкан ыйык Курман айт майрамын тынчтыкта жана кубанычта белгилеп жатабыз. Майрамдар эстөө, бөлүшүү жана биримдик сезими эң айкын болгон өзгөчө учурлар.”

Профессор Жейлан куттуктоо сөзүндө мындай деди: “Мындан улам Манас” үй-бүлөсүн,  Кыргызстанды, Түркияны жана түрк дүйнөсүн Курман айт майрамы менен куттуктайм. Жараткан ден соолук, тынчтык жана береке берсин. Сонун күндөрдө, майрамдарда жолугушуп, биргеликте майрамдоону насип кылсын”, - деген ректор Жейлан окуу жайдын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк “Манас” университети Курман айтка карата курмандыкка чалынган малдын этин тазалык жана жашылдандыруу кызматкерлерине таратуу менен майрамдын кубанычын бөлүштү.

    Социалдык медиада бөлүшүү