Кыргыз адабиятын ааламга тааныткан, түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата Ата-Бейитте эскерүү иш-чарасы өттү.
Залкар жазуучу, улуу ойчул Айтматовду эскерүү аземи 2025-жылдын 10-июнунда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде уюштурулуп, ага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан катышты.
Эскерүү аземинде “Манас” университетинин атынан Чыңгыз Айтматовго жана 1938-жылкы репрессиянын курмандыктарына куран окулуп, гүл коюлду жана өтмүштүн оор азабы дагы бир жолу зээн кейитти.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан эскерүү программасында массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө, Ата-Бейит жөн гана көрүстөн эмес, ошол эле учурда тарыхтын, азаптуу күндөрдүн жана каршылык көрсөтүүнүн эстелиги экенин белгилеп, мындай деди: “Бүгүн бул жерде болуу - Чыңгыз Айтматовдун жана эр жүрөк баатырлардын алдындагы милдетибиз.”
Түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовду адабиятчы эмес, элдерге өздүгүн эскерткен күчтүү ойчул катары мүнөздөгөн профессор Жейлан: “Чыңгыз Айтматов бизге маңкурт болбоону үйрөттү. Ал бизге өтмүшүбүздү гана эмес, келечегибизди кантип куруу керектигин да көрсөткөн улуу жол баштоочу”, — деди.
Профессор Жейлан адамзаттын ураанына айланган “Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу” — деген Айтматовдун сөзүнө көңүл буруп, мындай деди: “Бул сөз биз үчүн жөн гана кооз цитата эмес, бул — жашообуздун негизги эрежеси.” Сөзүн төмөндөгүдөй жыйынтыктады: “Түрк дүйнөсүнүн жаштары Айтматовдун жолун жолдоп, биримдик менен ынтымактын рухун жашатат жана анын учкунун дагы бийиктерге көтөрөт.”
Эскерүү иш-чарасы Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу курган руханий көпүрөлөрү бүгүнкү күндө да түрк дүйнөсүндө күчтүү жаңырык жаратып жатканын белгилеп, окулган дубалар адабияттын бириктирүүчү күчүн жана жалпы тарыхка болгон терең урмат-сыйды ачык көрсөттү.