2025-жылдын 13-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университети Туруктуу өнүктүрүү комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн “КТМУнун айылдарга жана мектептерге болгон сапарлары” аттуу социалдык жоопкерчилик долбоору алкагында Кыргызстандагы ар түрдүү саламаттыкты сактоо мекемелеринде дарыланып жаткан балдарга жана алардын үй-бүлөлөрү менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Эне жана баланы коргоо бөлүмүндө дарыланып жаткан балдардан тышкары, онкология жана нейрохирургия бөлүмдөрүндөгү бейтаптар да унутта калган жок. Бул иш-чара КТМУнун академиялык жана административдик кызматкерлери менен ыктыярчы студенттеринин да активдүү катышуусунда өтүп, балдарга ар түрдүү белектер тапшырылып, үй-бүлөлөрү менен жакындан байланыш түзүлдү. Балдардын жүзүндөгү жылмаюу, ата-энелердин көзүндөгү үмүт жана тилеген дубалар катышуучулардын жүрөгүн толкундатпай койгон жок.
Сапардын соңунда КТМУнун Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчиси жана ректордун кеңешчиси, профессор Кемал Полат: “Дарыланып жаткандардын үй-бүлөлөрү жана жакындары менен жолугушуу, алардын көзүндөгү үмүт шооласына күбө болуу жана дубаларына “Омийин”, - деп айтуу - бизге чоң сыймык жана айтып жеткире алгыс кубаныч тартуулады.”
Жолугушуу балдарга, алардын үй-бүлөлөрүнө саламаттык тилөө жана жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.