“Манас” университети менен Саламаттык сактоо илимдери университети медицина тармагында билим берүү боюнча протоколго кол коюшту


  • 2025-06-19

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин медицина факультети абитуриенттерди кабыл алууну баштайт. Узак убакытка созулган даярдоо процессинен кийин түптөлгөн КТМУнун медицина факультети 2025-2026-окуу жылында алгачкы студенттерин кабыл алууга даярдык көрүүдө. Бул прогресс окуу жайыбыз үчүн да, Кыргызстан жана түрк дүйнөсү үчүн да стратегиялык мааниге ээ кадам.

Факультетти түптөө процесси 2018-жылдын 2-сентябрында Түркия Республикасынын  президенти Режеп Таййип Эрдогандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Бишкекте уюштурулган пайдубалын түптөө аземи менен башталган. Президенттин тапшырмасына ылайык башталган бул процессс ректор, профессор Алпаслан Жейландын Кыргыз Республикасынын Агартуу жана Саламаттык сактоо министрликтеринде жүргүзулгөн иш-аракеттердин натыйжасында тийиштүү уруксаттарды алуусу, ошол учурдагы Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Фахреттин Алтун баштаган кеңештин мүчөлөрүнүн салымдары менен расмий түрдө негиздөө менен жыйынтыкталган.

Негиздөөдөн кийинки процессте факультеттин физикалык жана академиялык инфраструктурасы калыптанды; лицензия алуу, окуу планын иштеп чыгуу жана институтционалдык кызматташуулар сыяктуу багыттарда олуттуу иш-аракеттер аткарылды. 2025-жылдан баштап ректорлук макамдын иш-аракеттери жана Камкорчулар кеңешинин учурдагы төрагасы, профессор Ибрахим Чапак менен кеңештин мүчөлөрүнүн демилгелери менен факультетке абитуриент кабыл алуу процессине өтүлдү.

Ага ылайык, 2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Саламаттык сактоо илимдери университети ортосунда Стамбулдагы Мектеп-и Тиббийе Шахане студенттик шаарчасында медицина тармагындагы “Эл аралык биргелешкен бакалавриат программасы протоколуна” кол коюлду. Протоколго КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана Саламаттык сактоо илимдери университетинин ректору, профессор Кемалеттин Айдын кол койду.

Протоколдун алкагында студенттер медицина факультетинде жүргүзүлө турган биргелешкен бакалавриат программасы менен алгачкы 3 жыл КТМУда, кийинки 3 жыл Саламаттыкты сактоо илимдери университетинде билим алышат. Окутуу тили кыргызча жана түркчө болгон программа ийгиликтүү бүтүрүүчүлөргө кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Аталган факультет Кыргызстанда медицина тармагында билим берүүнүн сапатын арттыруу, этикалык баалуулуктар, илимий жана маданий мамилеге ылайык билим берүү моделин тартуулоо максатын көздөйт. Саламаттык сактоо илимдери университети менен болгон бул кызматташуу түрк дүйнөсүнүн биргелешкен жогорку билим берүү концепциясына салым кошмокчу.

Медицина факультетин түптөө жана абитуриенттерди кабыл алууну баштоо процессине салым кошкон Түркия Республикасынын  президентине, Кыргыз Республикасынын Агартуу жана Саламаттык сактоо министрликтерине, ректор, профессор Алпаслан Жейланга, Түркиянын жогорку билим берүү мекемесине, мурдагы жана учурдагы Камкорчулар кеңешинин төрагаларына, Саламаттык сактоо илимдери университетинин ректору, профессор Кемалеттин Айдынга, ошондой эле салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдиребиз.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин медицина факультети жалпыбызга кут болсун!

    Социалдык медиада бөлүшүү