Жогорку cоттун төрагасынын орун басары Бакирова “Манас” университетине келди


  • 2025-07-02

2025-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова Кыргыз-Түрк “Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолукту.

Ректордун макамында өткөн жолугушууга профессор Жейлан менен бирге биринчи проректор, саясий и.к, доцент Алмаз Ибраев, проректор Камалбек Карымшаков жана башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ катышты.

Жолугушуу учурунда Нургүл Бакирова “Манас” университети тууралуу пикирлери менен бөлүшүп, билим берүү тармагында жетишкен деңгээлин жогору баалап, университеттин акыркы жылдардагы өнүгүүсү өлкөнүн жогорку билим берүү системасына олуттуу салым кошконун билдирди. Бакирова өз сөзүндө университеттин QS Дүйнөлүк университеттердин рейтингиндеги орду Кыргызстан үчүн сыймык экенин баса белгиледи. Ошондой эле, ачылышы пландалып жаткан медицина факультети саламаттыкты сактоо жаатында квалификациялуу кадрларды даярдоого салым кошорун жана бул  колдоого арзый турган аракет экенин айтты. Бакирова “Манас” университетине арбын ийгиликтерди каалап, жаңы окуу жылында студенттер үчүн укук темасындагы иш-чаралардын да пайдалуу болорун кошумчалады.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан да КТМУга болгон сапары үчүн Бакировага ыраазычылык билдирип, жолугушуу алар үчүн маанилүү болгонун белгиледи. “Манас” университети катары Кыргызстан менен түрк дүйнөсүнүн жалпы илимий келечегине салым кошууну уланта берерин белгилеген профессор Жейлан түрдүү мекемелер менен болгон мындай байланыштар маалымат алмашууну жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдей турганын айтты.

Жолугушуу өз ара жакшы каалоо-тилек айтуу жана жалпы эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү